Чакиев Таштанбек
Чакиев Таштанбек – акын. 1970-жылы Түп районунун Күрмөнтү айылында туулган. 1987-жылы Күрмөнтү айылындагы Ильич атындагы орто мектепти, 1996-жылы К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1996–2007-жж. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде жана Бишкек мамлекеттик экономика жана ишкердүүлүк университеттеринде окутуучу, андан соң 2008-жылдан тартып 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинен тартып бир катар министрликтерде Мамлекеттик тил боюнча адис болуп иштеген. 2021-жылдын баштап Т. Чакиев "Керемет Банк" ААКда мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адис.
2004-жылы Эл аралык Ч.Айтматов атындагы фонд тарабынан өткөрүлгөн “Дебют-2004” сынагынын лауреаты болгон.
2005-жылы “Күн дидары” аттуу ырлар жыйнагы жарык көрүп, ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган.
2022-жылы анын орус элинин классиги Иван Буниндин аңгемелеринин негизиндеги "Караңгы аллеялар" котормолор жыйнагы КР Улуттук жазуучулар союзу тарабынан жогору бааланып: "Жылдын мыкты котормосу" сыйлыгына татыган.
2023-жылы Т.Чакиев "Түнт токойдун коюнунда" котормолор жыйнагы үчүн Улуттук жазуучулар союзу жана КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган улуттук "Алтын калем" сыйлыгына ээ болгон.
Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- "Күн дидары": Ырлар. – Б.: ОсОО Аят, 2005. – 110 б.
- "Алтын жебе": Ырлар. – Б.: Кыргызпатент, 2009. – 80 б.
- "Сүйүү лабиринти": Ырлар. - Б.: ОсОО "Аят" 2017. - 120 б.
Котормолору:[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- "Кутучадагы адам": Проза. - Б.: Осоо "Аят". 2020. - 125 б.
- "Караңгы аллеялар": Проза. - Б.: "Улуу Тоолор" ЖЧК. 2022. - 157 б.
- "Түнт токойдун коюнунда": Проза. - Прозоа.: "Улуу Тоолор" ЖЧК. 2024. - 127 б.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6