Чалкандар

Википедия дан
Pilea.

Чалкандар (лат. Urticaceae) — өсүмдүктөрдүн эки үлүштүүлөр классындагы тукуму. Бир же эки үйлүү чөп, чала бадал, бадал, кээде жыгачы жумшак, анча чоң эмес дарак. Чалкан лианалар түрүндө кездешет. Жалбырактары жөнөкөй, тушташ же кезектешип жайгашат. Жашыл түстөгү майда гүлдөрү бир жыныстуу, туура түзулуштүү. Чалкандардын 45 уруусу, 700 түрү Жер шарынын бардык бѳлуктѳрүндѳ, кѳбунчѳ тропикте таралган. Кыргызстанда 2 уруунун 6 түрү өсөт. Айрымдарынын дүүлүктүргүч түктөрү болот. Медицинада колдонулат.

Чалкан (лат. Urtica) — чалкандар тукумундагы бир же кѳп жылдык өсүмдүк уруусу. Тушташ жайгашкан быдыр жээктүү жалбырагы жана сабагы ачыштыргыч түктүү. Гүлү майда,бир жыныстуу. Дүйнөдө 40—50 түрү белгилүү. Чалкандын жалбырагында С1, К1, В2 витаминдер, каротин, уртицин гликозиди болот. Жалбырагынан боёк даярдалып, фармацевтика жана тамак-аш ж.б пайдаланылат. Чалкан дарылыкка жана тоют катары да колдонулат, сабагынан була алынат.

Атляс лекарственных растений ХС?. М., 1962.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз совет энциклопедиясы. Бишкек (Фрунзе): 1980 г., ББК 92 Я 2
Ботаника
Изилдөө объектилери

Өсүмдүктөр · Балырлар · Козу карындар жана башкалар…

Ботаниканын бөлүмдөрү

Альгология · Өсүмдүктөрдүн анатомиясы · Бриология · Геоботаника · Өсүмдүктөрдүн географиясы · Дендрология · Диаспорология · Карпология · Лихенология · Микогеография · Микология · Өсүмдүктөрдүн морфологиясы · Палеоботаника · Палинология · Өсүмдүктөрдүн систематикасы · Өсүмдүктөрдүн физиологиясы · Фитопатология · Флористика · Өсүмдүктөрдүн экологиясы · Этноботаника

Белгилүү ботаниктер

Теофраст · Жозеф Питтон де Турнефор · Карл Линней · Адольф Генрих Густав Энглер · Армен Леонович Тахтаджян

Тарыхы

Ботаниканын тарыхы · Ботаника боюнча белгилүү китептер · Ботаникалык иллюстрация

К·Т·О