Чалка-Тоо

Википедия дан

Чалка-ТооФергана тоо тизмегинин түн.-батыш тармагы.

Нарын дарыянын сол жээктей Текечал ж-а Карасуу (Нарындын сол куймалары) сууларынын аралыгында 20–21 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 1800–1900 м, эң бийик жери 2108 м. Кыры негизинен тайпак, капталдары, айрыкча түн.-батышы Нарын д-на тик түшүп, кыска, капталдарында жардуу капчыгайлар кездешет. Негизинен карбондун аягында пайда болгон кумдук, алевролит, сланец, конгломерат, акиташ тектеринен турат. Жарым чөл, кургак талаа ж-а талаа, о. Эле сейрек кездешкен шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2