Чамбыл-Бел

Википедия дан

Чамбыл-Бел"Манас" эпосундагы топоним. "Манас" эпосунун негизги варианттарында айтылат. Саякбай Каралаевдин варианты вариантында "Чамбыл-Бел деген жер келет, Чамбыл-Белди жердеген Жанаалы, Карач эр деген" (Саякбай Каралаев, 2. 15), — деп Көкөтөйдүн ашына кабар бергенде башка элдер менен катар кабар айтылат. Багыш Сазановдун вариантында Чубак Манаска тарынып ачууланган учурда төмөнкүчө сүйлөнөт:

Казам жетсе өлсөм деп,

Жон-Оюлда жошулдум,

Чамбыл-Белдин чатында,

Он үчүмдө кошулдум (БС, 1080-инв., 258-б.).

Сагымбай Орозбаковдун вариантында элдин Көкөтөйдүн ашына келип түшкөн учурунда Музбурчактын жери катарында эскерилет:

Букарай шарып ары жагы,

Бузулган Чамбыл бери жагы,

Оодарып бенде жеңбеген,

Жарагы белде бир кучак,

Будайык уулу Музбурчак (Сагымбай Орозбаков, 3. 107).

Чамбыл-Бел "Көруулу" дастанындагы Көруулунун жери. Эпоско дастандын таасири аркылуу кийин 19-кылымдын 2-жарымында кирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4