Чамынды минералдуу суусу

Википедия дан

Чамынды минералдуу суусуНарын облусундагы дарылык касиети бар минералдуу муздак суу булактары. Чаек кыштагынан 50км түштүк-батышта. Молдотоонун түндүк капталында,деңиз деңгээли 2300-2800 м бийиктикте жайгашкан. Суу жергиликтүү элине илгертен белгилүү.Алгачкы геологиялык маалымат 1949-ж. берилген. Суу булактары чыккан аймакта карбон мезгилинин кумдук, чопо, сланец жана акиташ тетиктери таралган. Алар бүктөлүүлөргө дуушарланып, кеңдик багытка созулган антиклиналь структурасын түзүп жатат. Суу акиташ теги менен чопонун чегиндеги тектон жаракалардан бири биринен 2м аралыктагы үч жерден агып чыгат. Суу көмүр кычкыл газдуу, тузсуз, аз минералдашкан, тунук, жытсыз газдуу, даамы кычкыл. Булактардын дебити 12-17 л/сек. Химиялык составы боюнча гидрокарбонат-сульфат-кальций-натрийлүү. Микроэлементтерден кремний, стронций, литий жана барийге бай. Сууну жергиликтүү эл ичүү жолу менен ичеги-карын ооруларын дарылоого пайдаланышат.