Чанту

Википедия дан

Чанту, Чантуу (кытайча чань — ороо жана тоу — баш) — селдечендер, чалмачандар, мусулмандар дегенди түшүндүргөн сөз. Манжу-кытайлар жергиликтүү мусулман элдерин — уйгур, казак, кыргыздарды жалпысынан ушундай аташкан. "Манас" эпосунда көбүнчө кыргыз деген сөздүн синоними катары айтылат. Мисалы, Манас төрөлгөндө бул акыры Чоң Бээжинге ок атар деп падышасы Эсенканга ою терең аярлары көзүн тазалоого буйрук сурап барышат. Ошондо Эсенкан: "Чантуудан катын туубайбы, Чантуудан катын тууду деп, Мен чаң салсам кудай урбайбы" (Сагымбай Орозбаков, 1. 156), — деп тыйып коёт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4