Чаткал-Курама бүктөлүү облусу

Википедия дан

Чаткал-Курама бүктөлүү облусу ортоңку жана жогорку палеозойдун, арасында суу түбүнө жана жер үстүнө агып чыккан көптөгөн эффузия тоотектери бар катмарларынын кеңири таралышы жана герцин гранитоиддеринин көп сандагы майда интрузияларынын болушу менен мүнөздөлөт. Геологиялык кесинди протерозой катмарларынан башталат. Алардын ичинде метаморфизмделген деңгелине карай эки серия даана ажыратылат. Төмөнкүсү жашы боюнча шарттуу түрдө байыркы жана анча-мынча ортоңку протерозойго таандык жана терең матаморфизмделген тоотектерден (алардын адегендеги бардык учурда так аныкталбайт же кыйынчылык менен аныкталат) турат. Соңку протерозой (венд) жашындагы жана төмөнкү палеозой тоотек катмарлары менен тыгыз байланыштагы жогорку серия болор-болбос региондук метаморфизмге дуушарланган тоотектерден түзүлгөн.

Төмөнкү протерозойдун гнейси, кристаллдуу сланецтери жана мраморунан турган байыркы фундаменттин метаморфизмделүү даражасына жана анын жайгашуу тереңдигине карай герцин кыймылынан өзгөрүлгөн ортоңку массивдин калдыгы Касан блогуна жана жанартоолуу Курама бүктөлүү зонасына бөлүнөт.

Облустун структурасы өтө татаал жана көптөгөн тектоникалык зоналар менен тилмеленген. Эки негизги багыттагы терең жарака даана көрүнөт. Алар түндүк-батыш жана түндүк-чыгыш багытка созулуп, бүт аймакты бир катар блокторго бөлөт.

Жалпысынан Чаткал — Курама бүктөлүү облусунун геологиялык өнүгүү тарыхы Ортоңку Теңир-Тоонукуна окшош.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]