Чаян

Википедия дан

Чаян (кейипкер) — "Манас" эпосунун кейипкери, Жакыптын кайын атасы, калмак байы. Бөйөндүн уулу. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча жорго сөз түрүндө берилген кириш бөлүгүндө манасчынын баяндоосу аркылуу Манастын ата-бабалары саналган санжыра боюнча кытай мамлекети Ногойдун балдарын (Орозду, Үсөн, Бай, Жакып) бөлүп кеткен. Ч. эпосто Алтай жериндеги манжурия калкынын белгилүү байы, Жакып малай жүрүп алган Бакдөөлөттүн (Жакыптын экинчи аялы) атасы катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 15; 2. 14).

Чаянкан[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Саякбай Каралаевдин варианты вариантында Манастын  экинчи түп атасы: "Түп атасы Бөйөн кан, Бөйөнкандан Чаянкан, Чаянкандан Ногойкан" (Саякбай Каралаев, 1. 27). Хакас мифологиясында Ч. башкы кудай-жаратуучу. Дүйнөлүк эпикалык чыгармалардын көбүндө башкы оң каармандын теги кудайга байланыштуу болушу салттык мотивдерден. Демек, ала-тоолук кыргыздар мусулман динин кабыл алганга чейин Эне-Сайлык кыргыздардай (хакастардай) эле Ч-ды башкы кудай — жаратуучу катары эсептеп, эпикалык салтка ылайык аны өздөрүнүн эпосунун башкы каарманынын түп атасы кылып сүрөттөшкөн болуу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4