Чаңгет-Суу чопо кени

Википедия дан

Чаңгет-Суу чопо кени Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Жалал-Абад шаарынан 10км түштүк-чыгышта, Чаңгет суусунун оң өйүзүндө. 1950-ж. табылган. Кен аймагын палеоген мезгилинде пайда болгон чөкмө тоотектер түзөт. Пайдалуу катмар чоподон турат. Калыңдыгы 5 м, узундугу 1,5 кмге созулат. Чопо кызгылтым түстө, арасында ак жана жашыл түстөгү гипстин линзалары бар. Гранулометриялык курамы: 0,001 ммден майдасы 10,1%; 0,001–0,005 мм – 48,0%; 0,005–0,01 мм – 13,3%; 0,01–0,25 мм – 25,56%; 0,25–5 мм – 1,04%; 5 ммден кесеги – 2,3%. Химиялык-технологиялык касиети боюнча чопо карапа жана «75», «100» маркасындагы курулуш кирпичине жарамдуу. Запасы А категориясы боюнча 418,2 м3, В – 78 6 м3, С1 126 м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]