Чаңгырташ минералдуу суусу

Википедия дан

Чаңгырташ минералдуу суусуЖалал-Абад облусунун Сузак районундагы дарылык касиети бар минералдуу жылуу булактар. Жалал-Абад шаарынан 15км түштүк-батышта, Акман адырларынын түштүк этегинде,деңиз деңгээли 1075м бийиктикте жайгашкан. 1948-1949-ж. изилденип, дарылык касиети,хим. составы аныкталган. Суу палеоген мезгилинин деңиз жана континеттик шатта пайда болгон чөкмө тоо тектеринде 200-240м тереңдикте топтолгон. Жердин үстунө бургулоо көзөнөктөрү менен агып чыгат. Химиялык касиети боюнча Мацесста минерал сууларына окшош составында йод, бром, күкүртүү суутек кездешет. Нерв, тери жана муун ооруларына даба берет. Суу терең жайгашып запасы аз болгондуктан үстүңкү катмардын кыртыш суулары менен аралашып дарылык касиетин начарлаткандыктан азырынча пайдаланылбайт.