Чегендир

Википедия дан
Rhodiola heterodonta.

Чегендир (лат. Rhodiola, L. 1753) – чегендирлер тукумуна кирген өсүмдүк уруусу. Көп жылдык чөп. Тамыры жоон, көп сандаган тамыр моюнчалуу, ири бутактуу, алар күрөң же кызгылт күрөң түстө, сыртынан үч бурчтуу же тегерек майда түрпүчө менен капталган. Сабагынын бийикт. 30-50 см, бутаксыз, бир нечеси биригип тамыр моюнчасынан тик өйдө өсөт. Былтыркы сабагы куураган бойдон тамыр моюнчасында көп жыл сакталат. Жалбырагы кезектешип жайгашкан, жалпак же тоголок, уз. 3-5 см. Бөксөдөн бийик тоодогу булак, суу, көл жээгинде өсөт. Жер жүзүндө 15 ашуун түрү Түндүк Америкада, Скандинавияда, Түндүк Батыш, Чыгыш Сибирде, Жерортолук деңизинин жээгинде, Монголияда, Кытайда, Жунгар-Кашкарда өсөт. Кыргызстанда 9 түрү белгилүү. Айрым түрлөрүнүн тамыры (мала кызыл чегендир) медицинада нерв ооруларын дарылоодо, жалпы ден соолукту чыңоочу дары катары кеңири колдонулат. Россияда Ч. атайын айдалат. Кыргызстанда бул түр өспөйт. Бирок ушул түргө жакын сызгыч жалбырактуу Ч. жана кыпкызыл Ч. Күнгөй, Тескей, Кыргыз Ала-Тоосунда, Алай тоолорунда, Борбордук Тянь-Шань тоолорунда кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]