Чигу

Википедия дан

Чигу (кыт. Чи-Гу, Чигучен б. а. Чигу - Кызыл-Өрөөн, чен - чеп) - Орто Азиядагы байыркы шаарлардын бири; усундардын борбор шаары.

Кытай тилинен «Кызыл өрөөндөгү шаар» деген маанини берет. Чигу жөнүндө алгач Чжан Цяндын маалыматы боюнча Сыма Цяндын эмгегинде («Шицзи ») усундардын борбору Даван мамлекетпинен 2000 ли түндүк-чыгышта жайгашканы эскерилет. Ал эми «Цзянь хань шу» («Байыркы Хан династиясынын тарыхы») боюнча усундардын «чоң бийинин (гуньмо - гиэп mâk) ордосу Чанъандан (хан доорундагы Кытайдын борбору) 8900 ли» алыста, Выньсу (азыркы КЭРдеги Аксу ш.) чебинен 610 ли түндүктө, «Туз-Көл» («Янь-хай») же «Ысык-Көл» («Жехай») деп аталган көлдүн чыгыш жээгинде экени, бир нече ай бою душмандардын чабуулуна туруштук бергени тууралуу айтылат. Натыйжада изилдөөчүлөрдүн ичинде Чигу шаарынын жайгашкан жери тууралуу ар кандай көз караш пайда болгон. Француз ориенталисти Ж. Дегин (1721-1800) боюнча ал Иле өрөөнүндө (азыркы Хоргоско жакын), Н. Вичурин түзгөн картада (1851) Ысык-Көлдүн түштүк жээги же азыркы Тосор айылынын батышында деп белгиленсе, Б. Солтпоноев «Жууку» жана Чигу тыбыштарынын жакындыгына көңүл буруп, аны Жууку суусунун жээгинде деп болжолдогон. A. Н. Бернштам дагы Чигунун аталышын Жети-Өгүз районундагы жерлердин кызгылт түсүнө байланыштырган. Н. А. Аристов менен В. В. Вартолъддун. пикиринде ал Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суунун жээгинде жайгашкан. П. П. Семёнов-Тянь-Шаньскийдин эскерүүлөрүнүн негизинде 1959-ж. Д. Ф. Винник жана 1980-жылдан баштап окумуштуулар В. П. Мокрынин менен В. М. Плоских тарабынан жүргүзүлгөн суу астындагы археол. экспедиция Түп суусунун Ысык-Көлгө куйган жеринен (Сары-Булуң) байыркы шаардын калдыгын изилдеп, аны байыркы Ч. деген пикирге келишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4