Чикеев Абас

Википедия дан
Абас Чикеев
Негизги маалымат
Туулган датасы

21 -июль 1947(1947-07-21) (76 жаш)

Туулган жери

Байтик, Аламүдүн району, Кыргыз ССРи, СССР

Өлкө

СССР желеги СССР
 Кыргызстан

Кесиптери

ырчы, обончу

Сыйлыктары

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти

Абас Чикеев обончу, ырчы,Аламүдүн районунун Байтик айылында 1947-жылы 21-июлда туулган.

1963-жылы Республикалык Эл чыгармачылыгы үйүнүн аккордеончулар курсун бүтүрүп, 1964–1967-жж. М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынан билим алган.
1967–1969-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1969-жылы радиодо диктор, 1971-жылы Ысык-Көл радио-телеберүүсүндө башкы диктор болуп иштеген.
1977-жылы Бүткүл Союздук радио уктуруу боюнча телерадио кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу институтунун Ташкендеги филиалында дасыгын жогорулатып, ошол эле жылы Кыргыз телерадиокорпорациясына радионун диктору жана телерадиосунун оркестрине жана хоруна солист болуп которулган.
1980–1985-жж. Кыргыз мамлекеттик орус тили жана адабияты педагогикалык институтунан, 1986–1991-жж. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунан билим алган.

Обончулар М.Рыскулбековдун «Чын эле мен сени таптымбы?», «Жаштыгым сен кайда кеттиң», К.Осмоновдун «Энекебай», «Тоолук кыз», М.Акматовдун «Баратабыз каякка», «Ак сүйүүмдү булгаба», Т.Казаковдун «Күйдүргүм», «Эстелик», А.Нурманбетовдун «Табияттын көркү сен» ырларын аткарган.

Ал 70тен ашык обондорду жараткан. 2002-жылы Кыргыз улуттук телерадио корпорациясы уюштурган «Жылдын мыкты патриоттук ыры» деген сынакта «Милиция» аттуу ыры биринчи сыйлыкты жеңип алган.

КМШ өлкөлөрүндө чыгармачылык сапарда болгон. Бүткүл Союздук кароолордун бир нече жолку лауреаты болуп, бир катар Ардак грамоталар менен сыйланган.

1991-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылган.


Аткарылып жүргөн чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Агарып аткан таңымсың» с. С.Жусуевдики
  • «Азгырба сүйүү» с. Ж.Исаковдуку
  • «Ар кимдин аман болсун апасы» с. А.Өмүркановдуку
  • «Ата журтка» с. Т.Осмоновдуку
  • «Аяжан» с. А.Иманбаевдики
  • «Байбичем» с. А.Исмаиловдуку
  • «Беймаал сүйүү» с. К.Култегиндики
  • «Бир өтүнөм өзүңдөн» с. А.Чекировдуку
  • «Боз бала…» с. М.Шахановдуку
  • «Жашоонун жыргалы» с. Ж.Исаковдуку
  • «Жигит ыры» с. А.Чекировдуку
  • «Жолум тосчу» с. А.Чекировдуку
  • «Жоокердин издери» с. А.Иманбаевдики
  • «Жүрөгүмө салып алдым мен сени» с. Ф.Абдалованыкы
  • «Издедим сени» с. Т.Осмоновдуку
  • «Издешүү» с. К.Матикеевдики
  • «Кездешүү бар» с. А.Чекировдуку
  • «Көз карашың» с. С.Жусуевдики
  • «Көл менен сага көлдүк кыз» с. А.Иманбаевдики
  • «Кусалыкта кусалыктай бар кубат» с. А.Өмүркановдуку
  • «Кызык күндөр кайда» с. Ж.Жийдебаевдики
  • «Кымбатым» с. К.Курманбаевдики
  • «Кырк жашка чыгып не кылам» с. Б.Сарногоевдики
  • «Мезгил сызат» с. С.Алтымышевдики
  • «Мен үчүн сен ырдап койчу» с. А.Өмүркановдуку
  • «Милиция» с. Т.Осмоновдуку
  • «Ойлойсуңбу» с. Г.Абдылдаеваныкы
  • «Сагынбасам сени мен» с. А.Өмүркановдуку
  • «Сагыныч» с. Ж.Райимбековдуку
  • «Сагыныч» с. С.Туратовдуку
  • «Самаймын» с. Т.Осмоновдуку
  • «Сен билесиң» с. А.Өмүркановдуку
  • «Сени менен биргемин» с. А.Чекировдуку
  • «Сени менен чыккым келет тоолорго» с. А.Өмүркановдуку
  • «Сени ойлоп» с. А.Иманбаевдики
  • «Сизге» (романс) с. А.Сыдыкбекованыкы
  • «Сүйүү жазым кечикпе» с. А.Сыдыкбекованыкы
  • «Тумарга салып самайсың» с. Т.Мамакеевдики
  • «Туулган жерди сагынуу» с. Т.Исабековдуку
  • «Ыр менен жашым төгөм» с. Б.Карагулованыкы
  • «Ысык-Көл күбө болгун» с. Ж.Раимбеков жана Т.Осмоновдуку
  • «Эки айрык жол» с. Б.Сарногоевдики
  • «Эстен кетпейт» с. А.Тойчубековдуку

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын обончулары.Маалымдама/Кыргызпатент/ Түз.: А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: Кыргызпатент, 2010. – ISBN 978-9967-26-120-4