Чилисай

Википедия дан
Чилисай
Мүнөздөмө
Узундугу 50 км
бассейндин аянты 425 км²
Суу агымы
Аягы Араван-Сай, өзөн
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Ош облусу
Район Ноокат району

Чилисай Аравансай суусунун сол курамы. Узундугу 50 км, алабынын аянты 425 км2. Кичи Алай тоосунун түндүк капталындагы мөңгүдөн башталып, адегенде Гезарт аталып, токойлуу кокту аркылуу агат да, ортоңку агымында Ноокат өрөөнүнө чыгат.Алабынын деңиз деңгээлинин орточо бийиктиги 2900 м, эң бийик жери 4926 м. Гезарт жана Агарт ашуулары бар.Эң ири куймасы–Агарт(сол). Негизинен кар,мөңгү жана булак сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 3–4 м3/сек, эң көбү май-июнда,эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Боюнан Жаңы Ноокат жана башка кыштактары орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2