Чилисай, капчыгай

Википедия дан

Чилисай, капчыгай - Кичи Алай тоосунун түндүк капталындагы Чилисай суусунун агымы боюнча (Гезарт жана Актөбө суулары кошулгандан тартып Ноокат өрөөнүнө чыга беришке чейин) 23км ге созулуп жатат. Таманынын туурасы 300–600м, деңиз деңгээлинен бийиктиги 1600–2400м. Капчыгай кууш, капталдары тиккелип, кокту-колоттуу. Курчаган тоолордун капчыгайдын таманынан салыштырмалуу бийиктиги 700–900м. Капчыгай аркылуу Араван сайдын сол курамы Чилисай суусу агып өтөт. Негизинен девонмен, силурдун, сланец(жеткиликсиз шилтеме), кумдук, диабаз, акиташ, алевролит, спилит тектеринен турат. Климаты континенттик; январдын орточо темпертурасы – 4°С, июлдуку – 19°С; жылдык жаан-чачыны 340мм. Бадал-арча аралашкан талаа жана шалбаалуу талаа ландшафты(жеткиликсиз шилтеме) басымдуу; таманында тал кайың токойлору, кургак талаа аянттары кездешет. Жайыт. Капчыгайдын Ноокат өрөөнүнө чыга берген жериндеги тик аска таштарда байыркы тамгалар, сөлөкөттөр жана башка тартылган; капчыгайда калмактардын сепилдеринин, күмбөздөрүнүн урандылары бар.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • [http:www.bizdin.kg/books/item/97-kg_geo Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энцклопедия борбору. Бишкек-2004.] ISBN 9967-14-006-2