Чолпон Ата жарым аралы

Википедия дан

Чолпон-Ата жарым аралы - Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, Чолпон-Ата шаарына жакын жайгашкан. Көлгө 2,1 км кирип турат; туурасы 1,6 км. Чолпон-Атанын суу бөлгүчүнүн көл астындагы уландысы. Голоцендеги суу каптоо мезгилинде жарым аралдын аймагында кумай тектеринен турган арал болгон. Анын көп бөлүгү кийин суу каптоодон желип, жок болгон. Калдыктары голоцендин кумдуу катмарларынын астында жатат. Аралдан калган шилендилерден кум сайроондору пайда болгон. Маңдайынан анын ортосун карай жылган кум материалдары жарым аралдын эки капталында суу астындагы өрөөндөрдү пайда кылат. Андагы сайроон көлдү көздөй жылып, жарым аралдын чыгыш жагында бир нече майда көлдөрдү пайда кылган; алардын бири 70-жылдардын башында эле көл менен туташып турган. Жарым аралдын тегерегиндеги кумдуу тайыз жерлер батышы менен чыгышынан 50–100 мге чейин кууштап, таманы ылайлуу каньондорго өтөт. Чолпон Ата жарым аралы жана анын айланасы Ысык-Көл курорт зонасынын чордону. Жарым арал Коолубулуң, Кообулуң деп да аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]