Чомо баатыр

Википедия дан

Чомо баатыр Жолой уулу (1895-1922) - Биринчи Дүйнөлүк согуштун катышуучусу, орус баскынчылыгына каршы күрөш жүргүзгөн улуттук баатырлардын бири.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чомо баатыр тууралуу Өзгөн районунда жашаган улуу муундун эскерүүлөрүнөн угуп билүүгө болот.

Ал басыз уруусунун кылыч-тамга уругундагы түгөл уулдарынан чыккан. Чомонун туугандарынын айтууларына караганда, Чомо баатыр 20 жашында Биринчи Дүйнөлүк согушка оорукка жиберилип, бирок согуш майданында согушуп, мылтык колдонууну жана согуш өнөрлөрүн өздөштүрүп келген. Келген соң, Өзгөн аймагындагы келгин орустардын жергиликтүү кыргыздарга карата басмырлуу мамилесине жооп кылууну чечип, орустарды Ийри-Суу, Көгарт ж.б. жерлерден сүрүп чыгаруу үчүн куралдуу күрөш баштаган. Бир аз гана жигиттери менен Өзгөндүн жайлоолорундагы орустарды төмөн карай сүрүп жүрүп, акырында кызыл аскерлер тарабынан кармалган жана 1928-жылы 32-33 жаш курагында атылып кеткен. Аны менен кошо көптөгөн туугандары да өлтүрүлгөн дешет.

Сузак районунун Тотуя, Жар-Кыштак айылдарында Чомо баатырдын жашырылган уулдарынан тараган урпактары жашап келишет.

Эскерүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1995-жылы Чомо баатырды эскерүү мааракеси уюштурулган. Ошондой эле, Ийри-Суу айыл аймагындагы Корс-Этти айылынын мектебине Чомо баатырдын ысымы ыйгарылган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]