Чопкут

Википедия дан

Чопкут, чопкуттон – жоокер кийими. Чопкут бышык кийизден кабатталып, арасына бор, кум шыкалып тигилген. Чопкутту согушка катышкан жоокерлер, эр сайышка түшкөн баатырлар ок, найзадан сактаныш үчүн кийишкен. «Манаста» Каныкей кырк чорого жоо кийимдерин даярдаганы баяндалат. Ал кийимдер ок өтпөс, «сайса найза тешпеген, чапса кылыч кеспеген» кийимдер.

Ичин буулум менен иштеген,
Тышын бурчтап тыштаган,
Аркагын асыл темир мадаткан,
Найзалашса этке өтпөй.
Алышкан жанды жадаткан...
Бет алышка жоо келсе
Бек муштаса жетер деп
Бей ажал өлүм жетер деп
Бейлебей койсом бекер деп
Кыркыңа кылган кырк чопкут (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 553-инв).

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.