Чоюлуу

Википедия дан

Чоюулуп— катуу күчтүн таасиринен жумшак ткандын (байламта, булчуң, фасция, тарамыш, нерв) чоюлуп, бирок ошол органдын бүтүндүгү бузулбай жабыркашы.

Эки жиликтин ашташкан жеринде, башкача айтканда муунда көп кезиккендиктен, ошол муундун кабыгы жана аны менен тыкыс жайгашкан тарамыштардын же булчуң эттердин өз мүмкүнчүлүгүнөн көбүрөөк чоюлуп же ашыра тартылышынан келип чыгат. Чоюлуу жеке эле муунда эмес, булчуң эттердин төмөнкү же жогорку учтарында да байкалат. Ошондой эле катуу Чоюлуудан тарамыш толук же жарым жартылай үзүлүп кетиши, болбосо тарамыш бышык жана чыйрак болгондуктан ал үзүлбөй, ошол тарамыш бекиген сөөктүн чети же кыры сынып кетиши мүмкүн. Чоюлууда тарамыш же булчуң эт менен бирге кан тамырлар да кошо үзүлүп, муундун ичинде муун кабыкчасына жана томукчаларга да доо кетип, ал тургай үзүлүп да кетиши мүмкүн. Натыйжада муунга муун суюктугу менен кан толуп, айрыкча тизе мууну, чыканак менен кызыл ашык муундары көлкүлдөп шишип кеткени байкалат. Бул учурда оорулуу баса албай калуусу мүмкүн. Чоюлууда эт жанчылып калгандай ооруйт. Чоюлган муундун тегереги ооруп, кээде муун шишип да кетет. Чоюлууда биринчи жардам көрсөтүү үчүн ошол муунду катуу таңып, шакшак коюу керек.

Чоюлууну дарылоо үчүн адегенде ошол жерге оорутпоочу дары куюлат. Эгерде муунга кан аралаш муун суюктугу толуп кетсе аны тарттырып алып, оорулуу бутту тынч абалда кармап туруу үчүн гипстеп таңуу керек. Кийин физиотерапиялык жол менен ооруну басаңдатып жана шишигин таркаткандан кийин гипсти алып, муунду акырындык менен иштетүү зарыл. Эгерде тарамыш же булчуңдар үзүлүп кетсе операция жасоого туура келет. Туура дарылоодо эч кабылдоосуз өтөт. Чоюлууну алдын алууда (айрыкча спортсмендерде) булчуң системасынын тонусун бир калыпта кармоонун, спорт оюнунун алдында муунду таңып алуунун, атайын спорттук бут кийим кийүүнүн мааниси чоң.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8