Чоң Эшен

Википедия дан

Чоң Эшен, эшен — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Самаркандык касиеттүү динчил адам. Кытай кандары Карыкан, Эсенкан кыргыздан Манас аттуу эр туулуптур, жарым жаштан өйдөкү Манас деген уул болсо кармап келгиле деп балбан, аярларын жиберет. Акыры алар Самаркандан Ч. э-дин уулу Жарманас аттуу балага жолугушуп, аны байлап Бээжинге алып кетет (Саякбай Каралаев, 1. 42—43).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4