Чоң бий
Чоң бий – байыртан бери кыргыздар колдонгон негизги бийлик даражаларынын бири. Чоң бий тууралуу маалымат алгач Цзя Дандын (730–805) «Ди ли чжи» («Жердин принциптери жөнүндө трактат») деген географиялык эмгегинде эскерилип, анда «Суйаб (Чүй) өзөнү Суйаб шаарынын түндүгү аркылуу өтүп, андан 40 ли (болжол менен 16 – 18 км) аралыкта Цзедань (<g`ia-tan<*ketän) тоосу жайгашканын, бул жерде он ок будун элинин каганы жылына ар бир урууга «чоң бий» (кытайча цзюньчжан) дайындап турганы» айтылат. Цзя Дандын эмгеги толук эмес түрүндө «Синь Тан шу» жыйнагына киргизилген. Н. Кюнердин котормосунда «цзянь-тун» деп берилген. Сыма Цянь (Ши цзы) жана Хан династиясынын тарыхтарында кезиккен «күн+ми, ушан+ми» деген түшүнүктөр Э. Ж. Пуллиблэнктин пикиринде «күн падышасы», «усун падышасы» («ми» – «падыша, башчы») болсо, К. Сиратори боюнча «күн» кыргыздын «кең» («чоң», «кенен», «башкы»), татарча – «гэн», чагатайча – «кан» ж. б.) менен дал келет. Ошондой эле «Си-юй-вынь-цзянь-лу», «Си юй чжи» ж. б. кезиккен маалыматтарда «кыргыздар өз башчыларын «цзюнь» (бий) дешкени, айрым бийлерге 10–20 чейин айыл баш ийгени, бийлер бир-бирине көз карандысыз болуп, жылына чогулуп, чоң (чжан) бийди таңдап алышканы, чоң (чжан) бий шайланган кол башчынын (тоу) бири Мамук Кули (Маматкул бий) болгону» тууралуу кабарлар кездешет. Н. Аристов өз эмгегинде «чан» деген сөздү колдонгон. Бир нече тилдеги жазма маалыматтарда колдонулган кытай тилиндеги «тоу» салыштырмалуу түрдө түркчө «тава» же кыргызча «чоң» деген сөздүн калькасы (мисалы, «төө куш», «төө буурчак» ж. б.) болуп эсептелет. Кашгарлык Махмуд (Махмуд Кашгари) түрктөр байыртан бери бийликтин эң жогорку тепкичинде турган адамды «туңа хан, туңа тикин ж. б.» деп аташарын, андай сөз байыркы түрктөрдүн падышасы Афрасийабга байланыштуу «туңа алб (алп) ар (эр)» (б. а. «күчтүү, (арстандай) эр жүрөк адам») деген сыпаттоодон улам айтылып калганын белгилеген. Бул жерде араб графикасында «ч» тыбышы айтылбаганы эске алынышы керек. Мисалы, көпчүлүк учурда аны үч чектиттүү «ж» тамгасына алмаштырылса, айрым мезгилде анын ордуна «т» такмгасын пайдалануу менен ачыл деген сөздүн ордуна «атил», качыр дегендин ордуна «катир» деген сөздөр колдонулган. Мындан тышкары «тун» деген аталууну байыркы түрктөрдүн Тун Шеху-хан (кытайча Tongyehu) же Тоңйокуктун (Tonjuquq) ысымына байланыштуу кезиктирүүгө болот. Кашгарлык Махмуддун сөздүгүндөгү «тун угул» деген сөзгө басым жасаган С. Г. Кляшторный Тоңйокукту эң улуу, биринчи (балдардын туну) деп түшүндүрөт. Бирок ал Кашгарлык Махмуддун сөздүгүндөгү «тун угул» деген сөздө жөнөкөй «н», ал эми «туңа хан, туңа тикин» деген жерде түрктөрдүн «ŋ» (кыргызча «ң»; англисче «ng») тамгасы колдонулганына маани берген эмес. Кыргыздар азыркы учурга чейин бийлик башындагыларды «чоң» деген сөз менен тергешет (мисалы, «чоңдор келатат, чоңдор айтты, чоңдордун буйругу» ж. б.).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кляшторный С. Г., Савинов Д. Г. Степные империи древней Евразии. СПб., 2005.
- Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., «Дайк-Пресс». 2002.
- Кюнер Н. В. Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока. М., Изд-во вост. лит., 1961.
- Бернштам А. Н. Источники по истории киргизов XVIII в.. //Вопросы истории, 1946. № 11-12.
- Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы: очерки истории и быта населения Западного Тянь-Шаня и исследования по его исторической географии. Б., Илим, 2001.