Чоң система

Википедия дан

Чоң система, Taтaал система — бирибири менен байланышкан көп сандаган элементтерден турган системанын жалпы аты.

Чоң системаны мүнөздөөчү белгилер: иерархиялык структуранын бирдиктүү башкаруу системасы менен башкарылуучу системанын бөлүгүнүн болушу; система бөлүктөрүнүн ортосунда көп сандаган байланыштардын болушу жана башкарууда маалыматтын жайылган тармагынын керектиги; өзү уюшулуучу элементтердин болушу; кишилердин, машиналардын жана жаратылыш чөйрөсүнүн катышышы. Чоң системага ири өнөр жай жана энергетикалык комплекстер, экономикалык системалар, информацияны иштетүүчү компьютерлер комплекстери кирет. Чоң система көп ирет иштөөчү системага бөлүнөт. Көп ирет иштөөчү Чоң системада иштөөнүн максаты убакыттын каралуучу интервалынан тышкары да сакталып кала берет (өнөр жай мекемеси, энергетикалык система). Мындай Чоң системаны башкаруу маселеси мекемелерди башкаруучу комплекстин структурасын тандоону, бүт бойдон системанын ар бир бөлүгүнүн иштөө максаттарын аныктоону, иш режими оптималдаштыруу методдорун аныктоону, башкаруу функцияларын кишилер менен автоматтардын ортосунда бөлүштүрүүнү өзүнө камтыйт. Бир ирет иштөөчү Чоң системада адегенде иштөөнүн максаты коюлуп, каралуучу убакыттын интервалынын аягында ишке ашат. Чоң системада изилдөөнүн негизги методу - математикалык моделъ. Чоң система моделдөө үчүн анын иштөө процесстери формалдаштырылат, б. а. бул процесстерди окуялардын, көрүнүштөрдүн удаалаштыгы түрүндө көрсөтүп, андан кийин Чоң системанын математикалык жазылышы төрт модель аркылуу жазылат: элементтин иштөө шарттарын эске алуу менен анын чыгыш сигналын түзүү, элементтердин ортосундагы берүүнү камсыз кылуучу байланыш каналдарынын тармактары менен Чоң системанын элементтерин өз ара байланыштыруу, канал аркылуу өтүп жаткан сигналды өзгөртүү, сигнал кабыл алынган учурда элементтин аракети. Чоң системанын элементтерин математикалык түрдө жазуу үчүн функциялар теориясынын, алг. жана функциялык анализдин (талдоонун) методдору колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4