Чубак Сатаев

Википедия дан
Чубак Сатаев
Негизги маалымат
Туулган датасы

13 -январь 1960(1960-01-13)

Туулган жери

Боо-Терек (Ключевка) айылы, Бакай-Ата району, , Талас облусу, Кыргыз ССРи, СССР

Өлгөн датасы

1993 жыл(1993)

Өлкө

 ССРС Кыргызстан

Кесиптери

ырчы, обончу

Аспаптары

аккордеон, комуз

Активдүү жылдары

19801993

Super.kg: ID 415

Чубак Сатаев1960-жылы 13-январда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында туулган.Советтик жана Кыргызстандык ырчы, аткаруучу, обончусу

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чубак Сатаев 1960-жылы 13-январда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында туулган. Андагы талант апасынан, тай жагынан өткөн дешет. Кийин музыкага дилгирлиги артып, кошунасы Мараттын аккордеонуна көзү түшүп калат. Кошунасынын үй жумуштарына жардам берип жүрүп, ал аспапта ойногонду үйрөнөт. Айылынын, районунун жылдызына айланган Чубак Сатаев аскерден келип, Таластагы Тургуналы Нурматов жетектеген клубга ишке орношот. Алгач ал пародиялары менен белгилүү болуп, "сен олуттуураак ырларга өт" деген Нурматовдун сөзү менен ырларын чыгара баштайт. "Арман, ай", "Кайгырбачы, кан досум", "Кең дүйнө", "Ак бата" ырлары хит болуп, күнү бүгүнкүгө чейин өз баасынан түшпөй келет. Ал 33 жылдык өмүрүндө 33 обондуу ыр жаратканга жетишкен. Чубак Сатаев 1993-жылы капысынан дүйнө менен кош айтышкан. Ал күнү концерттен соң сахнанын аркасына өтүп, башын мыкчып, "кежигем тырышып жатат" деп жыгылып калган. Жандандыруу бөлүмүндө 2 күн жатып көз жумат. Дарыгерлердин айтуусунда, анын мээсине кан куюлуп кеткен.

Чыгармачылык жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1991—93-ж. Б. Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр институтунда окуган.
  • 1977—78-ж. Боо-Теректе тракторист болуп эмгек жолун баштаган, ошол эле учурда айылдык бала бакчада музыкант болуп иштеген.
  • 1980—86-ж. Боо-Теректеги айылдык клубдун көркөм жетекчиси.
  • 1987-жылдан өзүнчө топ уюштуруп (Каныбек Мамбетов менен бирге), эл аралап концерт берген.
  • 1989— 91-ж. «Кыргызконцертте» иштеген. 1991- жылдан өздөрүнчө концерттик топ түзүшкөн (К. Мамбетов, К. Сатаев, Р. жана К. Кызалаков жана башка менен) Чубак Сатаев алгач элдик ыр «Шырылдаңга» обон жараткан. Ал ыры менен 1981-ж. өткөн «Беш ыргай» телеконкурсунун лауреаттык наамын жеңип алган. Андан кийин «Арман», «Сыйлай жүр», «Эмнеге сени сүйдүм ай?», «Жаз жамгыры», «Тутам кайгы», «Жазгы сүтүү, «сары көз», «Ак кушум», «Даты эле жүрөм түңүлбөй» өңдүү сүйүү ырларын, «Ак бата», «Жан досум», «Эне тилим», «Сен дүйнө», «Жарамазан» өңдүү терең мазмундуу, философиялык ойлорду камтыган обондорду жаратып, элдин сүймөнчүлүгүнө татыган. Обондорунун көпчүлүгүнүн сөзүн өзү жазып, өзү аткарган. КМШ өлкөлөрүндө гастролдо болгон.