Чулдур

Википедия дан

Чулдуртыбыштарды туура эмес айтуудан сүйлөөнүн бузулушу (мисалы, «Р»га тили келбей чулдурап сүйлөө).

Ал түрдүү себептерден болот. Адатта ата-энелердин, бала бакчадагы тарбиячылардын балдарга кичинесинен туура сүйлөөсүнө көңүл бурбагандык, туура эмес сүйлөө, ошондой эле сүйлөө аппаратынын бузулушу (тиштердин туура эмес жайгашуусу, катуу таңдайдын ичке же жалпак болушу, жумшак таңдайдын, тилдин шалы жана башкалар) себеп болот. Мындан сырткары ага кулактын начар угуусу да түрткү берет. Айрым учурда борбордук нерв системасынын жабыркашынан (мисалы, мээге кан куюлганда) Чулдур болушу мүмкүн.

Чулдурду дарылоо оорунун себебине жараша жүргүзүлөт. Эгерде оору туура эмес тарбиялануудан пайда болсо аны логопед-дарыгер оңдойт. Сүйлөө аппаратынын бузулушунан пайда болсо хирургиялык жол же атайын протездер колдонулат. Дарылоо ишинин эрте башталышы баланын сүйлөөсүн түзөтүүдө мааниси зор. Тили чыккандан баштап баланы туура сүйлөөсүнө кам көрүү талапка ылайык.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8