Чыгармачылык процесс

Википедия дан

Чыгармачылык процесс - көркөм чыгарманы түзүүдөгү автордун басып өткөн ар түрдүү стадиясы чыгармачылык процесс болуп эсептелет. Ар бир жазуучунун чыгармачылык индивидуалдуулугуна жараша чыгармачылыклык процесс дагы ар түрдүү, б.а. турмуштук материалдарды жыйноо, аларды изилдөө, белгилүү бир жыйынтыкка келүү процесси ар бир жазуучунун жеке касиетине ылайык жүрөт.

Ар ким материалды өзүнчө жыйнайт, өзүнчө изилдейт. Андан кийин жазуу процесси да ар бир автордун жазуучулук ыгына жараша өтөт. Маселен, Т. Сыдыкбеков өзүнүн атактуу «Биздин замандын кишилери» аттуу романын жазуудан мурда узак мезгилдер бою Ысыккөл өрөөнүндө чыгармачылык, элдин арасында жүргөнү белгилүү. Бул романдагы Любанын образын түзүүдө ошол өрөөндүн айылынын биринде, кеч курун кемегенин башында отургакн украиналык аялдын аңгемеси түрткү берген.

Дал ушундай эле А. Осмоновдун кыргыз айылы жөнүндө жазган ырларынын көпчүлүгү элдин турмушуна үңүп кирип, терең үйрөнүүнүн процесстеринде жазылган. Ушундан улам чыгармачылык процесс жазуучунун турмушту үйрөнүү, изилдөө, ал жөнүндө белгилүү бир жыйынтыкка келүү процесси менен тыгыз байланыштуу экени белгилүү болот. Кыргыз элинде мурда өтө кеңири белгилүү болгон импровизациялык поэзиянын да өзүнө мүнөздүү болгон чыгармачылык процесси бар. Акын-импровизатор өзүнүн бай турмуштук байкоолорунун негизинде комуз күүгө келер замат эле жаңы чыгармасын ырдай баштайт. Ошентип, импровизация дегенибиз, оюна келгенди уйкаштыруу эмес, мурдагы турмуштук тажрыйбалардын негизинде белгилүү бир окуя, көрүнүш жөнүндө чыгарма түзүү болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]