Чыгыш адабияты

Википедия дан

Чыгыш адабияты. Дүйнөлүк адабияттын жалпы өнүгүш тарыхы Батыш жана Чыгыш деген эки нукта өсүп олтурду. Чыгыш адабиятына Азия материгиндеги элдердин адабияты кирет. Өзгөчө иран-парсы, индия, араб, кытай, япон адабиятынын өнүгүш тарыхы өтө узак мезгилди камтыйт. Поэзия, проза, театр (өзгөчө орто кылымдагы Индияда) өнүккөн, X кылымдан тартып «Алтын доор» мезгили (Батыштагы «Кайра жаралуу» «Реннесанс» дооруна окшош) башталып, жазма адабият тез темп менен осүп, Батыш адабиятына да таасирин тийгизет. Бул мезгилде Абу-аль-Аля аль-Маари, Фирдоуси, Омор Хайям, Саади, Хафиз, Кабир, Ли Бо, Ду Фу, Низами, А. Жами, А. Навои, Э. Хосров оңдүү классиктердин чыгармалары, арабдардын «Миң бир түн» жомогу, иран-парсы тилинде жазган элдердин Кожо Насирддин жөнүндөгү кыска аңгемелери, ж. б. толуп жаткан шедеврлер пайда болуп, дүйнөлүк маданий өнүгүштүн эң чоң дайрасына айланды. Алардын чыгармачылыгынын негизги тематикаларын сүйүү, достук, динге мамиле, адептүүлүк, бу дүйнө, тиги дүйнө жөнүндөгү философиялык ойлор түзгөн. Классикалык Чыгыш адабиятынын прогрессивдүү традициялары азыркы учурда дүйнөлүк маданий өнүгүшкө зор таасирин тийгизип жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]