Чыйбыт

Википедия дан

Чыйбыт "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Манастын аталаш иниси, алты арамдын бири. Манас өлгөндө агаларына кошулуп, Манастын ордосун чаап, бүлөсүнө кордук көрсөтүүгө катышат. "алты арамдын" бардык иштерине катышып, Кочкор менен бирдикте кырк чорону көкүтүп, экинчи жолу качышканда Семетейдин колунан өлөт (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 276, 310, 319, 330, 336, 339).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4