Шаанама

Википедия дан

Шаанама, "Шах-Наме" ("Падышалар жөнүндөгү китеп" ) — иран элдеринин мифтерин , эпикалык дастандарын жана тарыхый баяндарын (хроникаларын) камтыган проза же ыр түрүндөгү жыйнактардын Сагымбай Орозбаковдун вариантында жалпы аталышы. Башка варианттарда эскерилбейт. Эпостун Сагымбай Орозбак уулу айткан вариантынын сюжеттик өнүгүшүнө чыгыш элдеринин жазма адабиятынын, айрыкча "Шах-Наме" дастанынын таасири тийген. Манасчынын бул дастан менен тааныш экендигин эпотун төмөнкү ыр саптары да аныктайт:

Бабабызды бузду деп,

Басылбаса санаасы,

Башкы тарых Шаанама

Барып андан карачы (Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 49-б.).

Сагымбай Орозбаковдун вариантында Ш-нын ("Шах-Наме") аталышы гана эскерилбестен, поэманын баш каарманы Үрүстөм (Рустам) Эренден (Иран) экени, анын жоого минген аты Башың (Ракш), жоо кийими Жабыр баян (Бабр-е бейан) жана чоң атасы Самнарман (Сам-е Нариман), ошондой эле айрым каармандардын (Апарысыяп, Жемшид, Магпыр, Сиябуш) түп нускадагы ысымдары тыбыштык жактан бузулуп колдонулган. Мындан башка Сагымбай Орозбаковдун вариантында "Шах-Наме" дастанында айтылган туруктуу географиялык ат Туран (Орто Азиянын синоними) да кээ бир учурларда эскерилет. Сагымбай Орозбак уулу китеп жана аңыз түрүндө чыгыш элдерине кеңири таралган "Искендер — Зулкарнайн", "Көруулу", "Жусуп менен Зулайка", "Сейид-Баттал" менен да тааныш болгону анын вариантынан даана байкалат. Мындай китептик таасир биринчиден, эпостун салттык окуяларын толуктап, анын кырдаалдарын кенен баяндоодо, эпикалык каармандардын образдарына мүнөздөмө берүүдө жана алардын өз ара мамилелерин сүрөттөөдө көрүнөт. Экинчиден, китептин стилистикалык каражаттары "Манас" эпосунун поэтикасына белгилүү даражада таасир тийгизүү менен анын поэтикалык лексикасын байытып, салттык көрүнүштөрүн (сюжет, образ) өтө кеңейтип сүрөттөөгө мүмкүндүк берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4