Шаатемир

Википедия дан

Шаатемир"Манас" эпосунун каарманы. Чачыкейдин атасы. Саякбай Каралаевдин варианты варианты боюнча Ш., Темиркан, Көгөй үчөө тууган ага-ининин балдары. Манасчынын айтуусу боюнча Семетей Таласка көчүп жатканда Темиркан элинен кыз тандатып, Ш-дин кызы Чачыкейге нике кыйышат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манастын кайын атасы Атемирдин эки бир тууганы болот да, анын кенжеси Ш. деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4