Шабдандын ашы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Шабдандын ашы Аш берүү – кыргыздардын байыртадан келаткан каада-салты. Адегенде адам өлгөн убагында мал союп кара ашын, анан үчүлүгүн, жети күндөн кийин жетилигин, кырк күндөн кийин кырк ашын, жыл маалында чоң ашын берет. Ошентип илгери бай-манаптар өлгөндө мал көп союлуп, чыгымдар көп болчу. Кедей өлсө бир мал союп кара ашын берет, ошондон калган эт менен үчүлүгүн, анан бир мал союп кыркын берип, анан жыл маалында чоң ашын берет. Аш бербей калуу балдары, туугандары үчүн уят иш катары эсептелген.
Мен өмүрүмдө көп аштарды көрдүм, көргөндөздөн уктум. Өз көзүм менен көргөн чоң аш 1912-жылы берилген кадимки Шабдан баатырдын ашы болду. Ашты күнтуу элинен чыккан Сагымбай бий башкарган (Шабдандын Мөкуш деген уулу менен медреседе бирге окушкан). Солтонун элинен 81 киши үч күлүк ат алып, агам Жантайдын башчылыгы астында октябрь айында жолго чыктык. Бир атты жетелеп алганбыз. Тул салган үйгө өкүрүп барышты, анткени Шабдан өлгөндө барып топурак салышкан эмес экен. Тул салган боз үй абдан кооздолуптур. Шабдандын чен тонун, ийининдеги чачыктуу ченин, алтын, күмүш, медалдарын тагып илип коюшуптур. Үйгө кирип куран окуп, чыгымды – жетелеп келген атты бердик. Биз төрт үйгө эки күн конок болдук. Бир бээ эки ирик союп меймандады. Боролдой деген дөбөнүн жогору жагынан Кичикеминдин оозуна чейин миң үй тиккен экен. Демек, орто эсеп менен келген конок 20 миң деп эсептөөгө болот. Конок алган тынай уруусу 10миңге чамалап барат. Ошентип, Шабдандын ашына катышкан элдин саны 30 миң десек жаңылбайбыз. Бизге союлган малды негизге алсак, миң үйгө миң жылкы, эки мин кой союлган.
Алматыдан губернатордун орун басары, Пишпектин уезд начальниги, Токмоктун приставы жана 100 казак-орус менен келишип, Шабдандын 12 канат боз үйүндө конок болушту.
Ат чабылган күнү башка тамашалар болуп, чабыла турган аттарды айдап кетти. 181 күлүк ат чабылыптыр.
Төрт жолу эр сайышмак экен, эки эр сайышкандан кийин улуктар токтотп коюшту. Адегенде казак Макаш деген балбан менен Жумгалдык Сабыр баатыр сайышат, он бир жолу беттешип, жыгыша алган жок, Аягында экөөнү ажыратып, байгени бөлүп беришти. Ананг жмгалдык саяк уруусу менен дунгандарча сайыш болду.
Эртеси чак түштө ат көрүнө баштады. Ат чапкан балдарга, ар бир урууга, бир түстө көйнөк кийгизиптир аш ээси, солто уруусунун ат чапкан балдарына ак, саякка сарбагышка, бугуга, казакка баарына ар түрдүү көйнөк кийгизген. Байге алган 25 аттын он тогузу солто уругунуку, бирөө казактыкы, калганы башка уруулардыкы болду. Биринчи аттын байгеси 5000 сом болгон. Аны күнтуу элини Чарала деген аты келип баш байгени алып кеткен. Экинчи байге 2000 сом , калганы 50 сом болду. Ал кезде аласа бересенин кою бир – бир жарым сом болгонун байгенин канчалык экенин байкоо кыйын эмес. Манаптардын ашы мына ушундайча берилчү. Аксакалдардын айтуусуна караганда, кыргызда Шабдандын ашынан чоң аш берилген эмес экен.



==Колдонулган адабият== Кыргыз тили Ош 2006
==