Шайбеков, Ысак

Википедия дан

(1880–1957)

Акын Ысак Шайбеков Кемин районуна караштуу Чоң-Кемин айылында 1880-жылы туулган. 1900-жылы Токмокто жаңы ачылган окууга кирип, эки жыл окуйт.
1916-жылы эл менен Кытайга Ысак да кошо кетет.
Акындын «Азган эл», «Кайран эл», «Кайткан эл» аттуу поэмалары да өз көзү менен көрүп, өзү күбө болгон чоң үркүнгө арналган.
Ысак Шайбеков оозеки чыгармаларды биринчилерден кагаз бетине түшүрүп, жазма түрүндө тарата баштаган акындардан.
Акындын жазган алгачкы көлөмдүү чыгармасы – «Зилзала» аттуу поэма.
Ал Совет бийлигинин алгачкы жылдарында «Пролетарлардын демократтык союзу» деп аталган уюмга мүчөлүккө өтүп, Алма-Ата шаарында өткөн Советтердин биринчи съездине делегат болуп барган. Ысак Шайбеков 1922–1924-жж. Быстровка волостунун ревкомунун төрагалыгында жана айыл чарбасынын ар кайсы тармактарында иштейт.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Ысактын ырлары. – Ф.: Кыргызмамбас, 1936. – 48 б.

Кайран эл; Кемин капчыгайы: Поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 30 б.

Ырлар жыйнагы. – Ф.–Казань: Кыргызмамбас, 1940. – 32 б.

Ысактын ырлары. – Ф.–Казань: Кыргызмамбас, 1955. – 64 б.

Кайран эл: Ырлар жана поэмалар.–Ф.: Кыргызстан, 1975. – 83 б.

Тандалган чыгармалар: Ырлар жана поэмалар.– Ф.: Кыргызстан,1980. – 12 б.