Шакек жашырмай

Википедия дан

Шакек жашырмай — кыргыз улуттук оюндарынын бири.

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 10—15 киши.

Оюн аянтчада, бөлмөдө, боз үйдө, сахнада өткөрүлөт.

Оюнда шакек колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар тегерек болушуп отурушуп, оюнга жетекчи шайлашат. Андан кийин шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катышуучулар баштарын ийишип, алакандарын бириктирип отургандан кийин жетекчи шакекти бириктирген алакандарынын ортосунда кысып кармап, отурган оюнчулардын бардыгынын алакандарынын ортосунда муундан, манжалардын учуна каратып колдорун тартып жатып, шакекти билдирбей бирөөсүнүн колуна таштайт. Ошентип бардыгын тегеренип чыккандан кийин, отургандардын бирөөсүнөн шакек кимде экенин сурайт. Ал оюнчу ордунан турбай, башын көтөрүп, отургандарды бир сыйра карап чыгып, шакек кимде экенин айтат. Эгерде шакек туура табылса, шакек ээси ырдап бергенден кийин, оюн жетекчисинин ролун аткарат. Эгерде туура табалбаса, табалбаган оюнчу өзү ырдагандан кийин оюн жетекчисинин ролун аткарат. Ал оюнчу колдоруна шакекти алып кайрадан оюнду баштайт. Ошентип, каалаган убакытка чейин уланат. Шакекти көп ирет туура тапкан оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баштарын көтөрүп шыкаалап кароого, айтууга, ырдабай коюуга, чурулдоого, шакекти алмаштырууга болбойт.

Педагогикалык мааниси. Тапкычтыкка, көңүл коюуга, тартипти сактоого, ырдоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]