Шатманов, Садыбакас

Википедия дан

Шатманов Садыбакас (1931-ж. т., Талас району, Кара-Ой айылы) — тилчи, профессор (1993). Педагогика илимдеринин кандидаты (1966).
1954-ж. Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1948-ж. Талас районунда 7 жылдык мектепте мугалим болуп баштаган.
1954-жылдан «Мугалимдерге жардам» (кийин «Эл агартуу» журналында кызматкер бөлүм башчы, ошол эле убакта мектепте мугалим, 1961—64-ж. Кыргыз илим изилдөө педагогика институтунда аспирант, 1964—66-ж. «Мектеп» басмасында редактор, 1966—68-ж. Кыргызстан ИАнын Тил жана адабият институтунда кенже, улук илимий кызматкер, 1968—80-ж. Ош мамлекеттик университетинде улук окутуучу, кафедра башчысы (1980—83), сырттан окуу бөлүмүнүн деканы (1983—87), 1993-жылдан профессор.
«Мектепте зат атоочту окутуунун кээ бир маселелери» (1963), «3ат атоочту окутуунун айрым маселелери» (1965), «Диктанттын түрлөрү жана аны өткөрүүнун жолдору» (1967, авторлош), «Алиппе» (орус мектептеринин 1-классы үчүн, 1989—91; авторлош), «Кыргыз тили» (орус мектептеринин 2-классы үчүн окуу китеби, 1990—91; авторлош) жана башка эмгектери жарыкка чыккан.
Кыргыз Республикасынын (1975), СССРдин эл агартуу отличниги (1981).

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.