Шахта стволу

Википедия дан

Шахта стволу, шахтa - жер бетине түз чыгуучу тик же жантык тоо-кен казылмасы.

Ал жер астындагы тоо-кен иштерин тейлөөгө арналып, пайдаланылышына жараша чалгындоочу, эксплуатациялык (башкы жана жардамчы) жана атайын, көтөргүч түзүлүшүнүн тиби боюнча скип жана клеть (к. Шахта клети) болуп бөлүнөт. Башкы Шахта стволу менен казылып алынган кен (тоо тек) жер бетине чыгарылат. Жардамчы Шахта стволу түрлөрү: кенчилер кен казылып жаткан мейкиндикке кирип-чыгуучу, жабдууларды жана материалдарды түшүрүп-көтөрүүчү, шахтаны шамалдатуучу, шахтадан суу чыгаруучу, ж. б. Анын жер бетине чыга бериш оозу, ствол айланасындагы короодон төмөн жаткан бөлүгү зумпф деп аталат. Шахта стволунун туурасынан кесилиши тегерек же тик бурч, кээде эллипс түспөлдүү болот. Тик стволдордун тереңдиги 33,5 кмге, диаметри 9 мге жетет. Ал бургулоо орнотмолорунун жана ствол өткөөлдөөчү агрегаттардын жардамы аркылуу бургулап жардыруу иштери менен өткөөлдөнөт. Казманын каптал бети борпон тектерден турса бетон, темирлүү бетон, металл, жыгач, кыш, же чоюн тюбмигдери менен бекемделсе, ал эми бекем тектерден турса бетон аралашмасы чачыратылат. Шахта стволун армировкалоо негизинен металлдан жасалган горизонталдык жана жыгач түркүк же керилген темир аркан түрүндөгү вертикалдык элементтерден турат. Алар скип менен клеттин акырындап, бир калыпта кыймылдашын камсыздап турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4