Шейдинг

Википедия дан

Шейдинг - косметологияда кеңири колдонула баштаган ыкма. Мындай мейкап-моделдөөнүн жардамы менен бетти кууш, жаакты ичке жана мурунду кырдач кылып көрсөтүүгө болот. Бул үчүн мейкап чеберине жылтырабаган упа, атайын макияж үчүн негиз, ачык, күңүрт жана эң күңүрт түстөгү тоналдык кремдер керек болот. Алгач бетке негизди текши сүйкөп, үстүнөн табигый тон берүүчү тоналдык крем коюлат. Андан кийин бети жайык айымдар үчүн эки жаакка, мурдун кырдач көрсөтүү үчүн мурундун эки жагына, маңдайына күңүртүрөөк крем сүйкөлөт. Баарын текшилеп жаап чыккандан кийин кыл калемдин жардамы менен жылтырабаган упа коюлат. Күңүрт түстөгү упа беттеги дөңсөөнүн алдына кулактан ооз жакты көздөй сүйкөлүп, көлөкө сыяктуу элес калтырат. Шейдинг мейкап-моделдөөсү макияж коюу чеберчилигинде эндиктин ордуна колдонулуп келет.