Шейх Бахаи

Википедия дан

Шейх Бахаи شیخ بهایی

Шейх Бахаинин өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шейх Бахаи شیخ بهایی хижра жылнамасы менен ХХ-кылымдагы белгилүү акын, илим жана ислам ой-толгоолорун жайылткан факих, астроном, математик. 1546-жылдын 4-мартында Ливандан анча алыс эмес жайгашкан Баалбек шаарында Мухаммад деп азан чакырылып ат коюлуп кичинекей ымыркай дүйнөгө келген. Мухаммад бала чагынан диний үй бүлөдө чоңойуп, мусулман каада-салттарын, Куранды терең өздөштүрүп, Хадистерди жатка билген. Ал жети жашында атасы менен Ливандагы Жабаль-амелден Иранга келип, ошол мезгилдеги белгилүү илимдердин түрүн окуп баштаган.

Шейх Бахаинин жаш кези[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шейх Бахаи улуу данышмандардан таалим алган. Алардын биринчиси анын атасы Иззааддин Хусейн болгон. Ал баласынын тарбиясын көп маани берип, дин укутарын, адеп-ахлакты тутууда, түрдүү илимдерди изилдеп үйрөнүүдө дайым демилге берип турган. Ошондуктан Шейх Бахаи атасын өзүнүн устаты жана жетекчиси деп эсептеген. ал Молдо Абдулла Модарес Яздан логика жана философия боюнча терең билим алган. Андан тышкары математика, астронмия илимдерин да өздөштүргөн. Аны атасы менен болгон урмат мамилеси, ошол мезгилдин чоң даанышмандары жана ойчулдары менен дайым баарлашуусу, шейх Бахаинин Ислам Пайгамбарын (с.а.в.) жолун изилдөөгө болгон жеке кызыгуусу анын илимге болгон өнүгүүсүнүн өзөгүн түзгөн. Ал кыска мөөнөттүн ичинде эле ошол мезгилдин таанылган илимдерин терең билген өзгөчө фикх, хадистерди чечмелөөдө, математика, астрономия, адабият, тарых тармактарында устат болуп чыга келген жана шейх-уль-ислам деген наамды алган.

Шейх Бахаинин эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шейх Бахаи баалуу китеп булактарын калтыргандыгы талашсыз. Тарыхчылардын изилдөөсү боюнча жүздөн ашык китеп, илимий чыгармалары калган. Алардын эң белгилүүлөрүнүн бири болуп “Жаме Аббаси” аттуу ислам дининдеги фикхти талкуулап, түшүндүмөлөгөн китеби фарсы тилинде жазылган. Шейх Бахаи тарабынан көптөгөн фикх боюнча диний жана маданий коомдук билим жогорулатуу үчүн китептер жазылган. Шейх Бахаи көптөгөн башка диний аалымдардай эле Кудайга сыйынуу, дуба кылууга чоң маани берген жана Жараткан Аллах жөнүндө чыгармаларын ыр түрүндө чыгарган. Ал сыйынууда дубалардын маанисин терең түшүнгөн, Кудайга сыйынуу менен ал өзүнө жана дийин жамааттарга жардам берүүсүн чын дилинен сыйынган. Шейх Бахаи бардык күчүн мусулмандарды дубалардын жана сыйынуулардын маңызы менен тааныштыруу максатында ар кандай дубалардын чечмелөөсү терең түшүндүрүп, алардын ар биринин окула турган убактысы аныктоого жумшаган жана “Мефтах-уль-фелах” б.а. Куткаруу ачкычы аттуу китебин жазган. Бул чыгарманын биринчи котормосу хижра жылнамасы менен ХI- кылымдын данышманы Садра Тебризи тарабынан фарсы тилине которулуп, “Аббаси үрп адаты” деп аталган. Бул котормо көптөгөн Иран китепканаларында кол жазма түрүндө сакталган. Иран жылнамасы менен 1317-жылы бул китеп Иранда, андан соң Египетте жарыкка чыккан. Шейх Бахаи бир гана адабият жана дин тармагында данышман болгон эмес. Анын эне тили араб тили болгондугуна карабастан фарсы тилине абдан кызыгып, натыйжада ал тилди абдан жакшы өздөштүрүп фарсы тилинде ырларды да жазган. Шейх Бахаинин газелдери жана рубаилери Хафиздин поэзиясына жакындашып, Мулананын чыгармаларына окшоп кетет жана анын чыгармалары жараткан Аллах Тааланы даңктайт. Анын ыр түрүндө жазылган чыгармаларына “Нан жана сыр”, “Нан жана халба”, “Сүт жана шекер” аттуу ырлары кирет. Шейх Бахаинин ырлар жыйнагы Мухаммад Реза Хорр Амели тарабынан жыйналып, жарыкка чыккан. Анын прозаикалык таланты, мышык менен чычканды баяндаган “Акылмандарга насыят” китебинде абдан терең чагылдырылган. Бул чыгармада ал окурмандарга эң пайдалуу насыяттарды калтырган. Шейх Бахаинин “Кашгул” атту дагы бир китеби аңгемелерден, макал-лакаптардан жана ырлардан туруп, фарсы жана араб тилдеринде жазылган.

Шейх Бахаинин архитектуралык эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шейх Бахаи архитектура жаатында да абдан мыкты адис болгон. Анын иш-чаралары дүйнөлүк атак-даңка ээ болгон. Мисалга алсак, Исфахан шаарында жайгашкан Заяндеруд дарыясынын суусун аталган шаардын бардык аймактарына бөлүштүрө билген. Ал астрономиялык так саноонун негизинде Исфаханда жайгашкан Имамдын мечитинин кыбыласын так аныктаган. Шейх Бахаинин дагы бир архитектуралык курулушу болуп, ошол эле шаарда жайгашкан азыркыга чейин сакталып турган жалгыз шам чырак менен ысуучу белгилүү мончо эсептелет.

Жалгыз шам чырак менен ысуучу мончонун сыры[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул мончонун тагдыры абдан оор болгон. Кээ бир маалыматтарга ылайык, кээ бир чет өлкөлүк күчтөр мончонун иштөө механизмин аныктоо максатында мончонун жер төлөөсүн бузуп, жылытуу механизмин алып Англияга алып кетишкен. Натыйжада мончонун жылытуу системасы жарактан чыккан. Бул көрүнүш 1790-жылдарда Занд династиясынын башкаруу учурунда болгон. Мончонун бузулушу жөнүндө 3 гана нускадан турган “аль-Набль” кол жазма китебинде берилген жана бул китеп Лондондун, Берлиндин жана Стамбулдун китепканаларында сакталган. Өз убагында Шейх Бахаи – “Мен дүйнөдөн кайткандан кийин бул мончонун жер төлөөсүн кимдир бирөө ачса, андагы күйүп турган шам чырак өчөт жана мончо мурункудай иштебейт” деп айткан экен. Кыязы ал, анын өлүмүнөн соң мончонун курулуш сырын билүү максатында мончонун жер төлөөсүн ачышаарын билсе керек. Көптөгөн булактарда жана элдик эскерүүлөрдө бул мончо Шейх Бахаинин проекти менен салынды деген маалыматтарга карабай кээ бир булактар мындай маалыматты күмөн катары эсептешет. Анткени мончонун кире беришинде (маддеи-тарих) мончонун тарыхы жөнүндө маалымат жазылган. Кээ бир окумуштуулар бул маалыматты окуп, чечмелеп мончо хижра жылнамасы менен 1065-жылы (христиан жылнамасы менен 1655-жыл) Шейх Бахаи дүйнөдөн кайткандан кийин 35 жылдан соң гана курулган деген жыйынтыкка келишкен. Бирок дагы бир башка окумуштуулар тобу ал жазууну изилдеп чыгып мончо хижра жылнамасы менен 1025-жылы Шейх Бахаинин өлүмүнөн беш жыл мурун салынган деген жыйынтыкка келишкен жана экинчи изилдөө так жана туура изилденген деп айтууга болот. Ал эми бул мончонун иштешинде кандай сыр жатат? Жалгыз гана шам чырак менен кантип жылыган? Мындай суроолор жөнүндө тарых барактарында ар кандай талкуулар болгон. Жада калса Шейх Бахаинин атомдук энергия жөнүндө маалыматы болгон жана мончонун жылытуу системасы ошонун негизинде жүргүзүлгөн деген божомолдоолор да болгон. Ал эми элдин ишеними боюнча, Шейх Бахаи шам чыракты мончодогу (хазна деп аталган) суу сактагынчтын алдына орноткон жана күнү түнү күйүп турган шам чырак хазнадагы сууну жылытып турган делет. Бул көрүнүш анча деле татаал эмес, бирок мончо физика жана химия илимдерине таянган татаал системада курулган. Болгону ошол доордо карапайым эл мындай татаал системаны түшүнө билишкен эмес, андыктан ар кандай жомокторду ойлоп табышкан. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн натыйжасында мончонун иштөө ыкмасы толугу менен айкын болгон. Шейх Бахаи, мончодогу сууну жылытууда жөнөкөй шам чырак жана атомдук энергия колдонгон эмес, ал болгону жөнөкөй күйүүчү газ колдонгон. Алсак “Жаме мечитинин” жанында жайгашкан суу жана канал суусу жер төлөөгө куюлган. Бул жерде табигый процесстин натыйжасында метил спирти жана күкүрттүү ангридрид пайда болгон. Бул газдар керамикалык түтүкчөлөр аркылуу мончонун жер төлөөсүндө атайы тосулган жайга куюлуп, күйүп турган. Бул мончону жылытуу үчүн бир гана “Жаме мечити” эмес, Исфахан шаарынын бардык газ каналдык системасына жөнөтүлүп турган. Эгерде буга өтө алыс эмес жерде жайгашкан “Ассархан” дын ишмердүүлүгүнөн чыккан газды кошсок, бир мончону жетишээрлик жылыта турган газ бөлүнүп чыгаары анык. Мындай версияны тастыктоо катары, мончонун жанында жайгашкан үйдүн казындыларынан керамикалык түтүкчөлөрдүн сыныктары, колбалардын айнектери табылган, Шейх Бахаи буларды мончо салып жаткан маалда колдонгону айтпаса да айкын. Андан тышкары мончону жылытуучу түтүктүн түбүнөн эч бир күйүүчү заттардын калдыктары жада калса көмүрдүн калдыктары да табылган эмес. Булардын бары мончо күйүүчү газдын негизинде жылыганы жөнүндө дагы бир жолу тастыктайт. Шейх Бахаинин проектиси боюнча салынган мончого окшош мончо Иранда бир канча жыл мурун салынганын баса айтуу керек. Али Аскер Берахманд жетектеген Хорсандагы топ, салынышы жана түзүлүшү боюнча Шейх Бахаи салган мончого окшош мончо салган. Эки мончонун айырмасы болгону Шейх Бахаи салдырган мончонун суу куйгучу жана анын түтүктөрү алтындан жасалган ал эми жаңы мончонун суу сактагычы жана түтүкчөлөрү жезден жасалган. Ал эми металлдардын ичинен, жылуулукту жакшы өткөрүүчү металл, бул алтын экени баарына маалым. Башка металлдарга караганда, алтынды жылытуу оңой жана аз өлчөмдөгү күйүүчү зат, энергия талап кылынат. Шейх Бахаи өзүнүн мончосунун түзүлүшүнүн сырын жашырганынын себеби, ал мончонун дүйнө жүзү боюнча жалгыз экени жана Шейх Бахаи эмне себептен ага окшош дагы бир мончо курбаганы жөнүндө Хорасандагы топтун жетекчиси мындайча түшүндүрөт. Мончону курууда көптөгөн алтын колдонулгандыктан, дагы бир мончо салууда мындай чыгымды кетирүү мүмкүн эмес эле. Андан тышкары мончодогу алтындар жөнүндө уурулар жана каракчылар билишсе аны бузуп, тоноого аракет кылышмак. Ошондуктан Шейх Бахаи мындай ачылышты эч кимге айткан эмес. Ал эми Шейх Бахаинин мончосуна окшош салынган жаңы мончо 2006-жылы Швецияда жана 2007-жылы Москвада өткөн көргөзмөлөрдө алтын медалга татыктуу болгон. Шейх Бахаинин мончосу көп жылдан бери колдонулбагандыктан, бузулуп кыйроодо, андыктан азыркы тапта аны оңдоп реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.

Шейх Бахаинин дүйнөдөн кайтышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атагы далайды тааныткан улуу даанышман Шейх Бахаи 1621-жылы 30-августта Исфахан шаарында дүйнөдөн кайткан. Анын чыгармалары, анын данышмандыгын даңазалап тарыхтын бетинде калды.

Шейх Бахаи жана Шах Аббас I[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сефевид династиясынын башчысы Шах Аббас I акындарды, даанышман, сүрөтчүлөрдү абдан баалаган. Андыктан акын, даанышмандар ага жакын болушкан. Ошолордун бири даанышман (архитектор, математик, астроном), акын жана прозаик, белгилүү аалым Шейх Бахаи –болгон.
  • Күндөрдүн биринде Шах Аббас I Шейх Бахаиге мындай дейт:
  • - Мен сени мамлекеттин башкы казысы кылып шайлайын деген оюм бар. Сен өзүңдүн илимиңди тартипке келтиргендей кылып, казылык иштерди да тартипке салып, элдин укугун коргоп, акыйкаттыкты орнотконго аракет кыл” - дейт.
  • Шейх Бахаи мындай деп жооп берет:
  • - “Улуу урматтуум, сиздин мага көрсөткөн ишенимиңизди абдан жогору баалай, бирок мага бир апта убакыт бериңиз, эгерде бир апта өткөн соң улуу урматтум мурункудай эле мени казылык кызматка коюу оюнда болсо мен макулмун. Ал эми бул оюнан кайтса, мен өзүмдүн маданий, илимий ишимди улантайын” - дейт.
  • Шах АббасI макул болот. Кийинки күнү Шейх Бахаи атына отуруп, дуба кылып сыйынуу үчүн мечитке жөнөп кетет. Ал атын бакка байлап, аса таягын ары коюп, даарат алып дуба кылуу үчүн даярык көрөт. Ошентип турган маалда ары жакта өтүп бара жаткан адамды байкайт – ал Шейх Бахаини таанып жакын келип саламдашат. Шейх алик алып мындай дейт:
  • -“Мен, менин ажалым жетип, ичээр суум түгөнүп баратканын билем. Эми мен намаз окуп жаткан маалда жер ачылып мени жеп кетет! Сен бул жакка отур да, мен өлгөндөн кийин менин аса таягымды, атымды алып менин үйүмө барып Шейх Бахаини жер жеп кетти деп айтып бар. Бирок, сен ажал периштеси менен бетме бет жолугушууга даап тура албайсың. Андыктан сен көзүңдү жумуп отур да Аллах деп 70 жолу айткандан кийин көзүңдү ачып, менин аса таягымды жана атымды алып жолго чык”- дейт.
  • Мындай окуяны Шейх Бахаинин өз оозунан уккан адам жүрөгү оозуна тыгылып, абдан коркуп, чөпкө отура калып Шейх Бахаи буйругандай Аллах деп үнүн катуу чыгарып айта баштайт.
  • Ал көзүн жумган маалда Шейх Бахаи өзүнүн кийимдерин отурган жерине таштап, ары жакка барып жашынып калат да, андан соң эч кимге көрүнбөй үйүнө кайтып барып иштин чогуу жайын үй бүлөсүнө айтып:
  • “Эгерде мени кимдир бирөө сурап калса, сыйынуу үчүн мечтике кеткен боюнча келген жок деп жооп бергиле” -дейт.
  • Шейх Бахаи эртеси таң эрте хансарайга барып, өкүмдарга жолугуу мүмкүнчүлүгүн алат. Ал Шах Аббаска мындай дейт:
  • -“Улуу урматтуум мен сизге кээ бир адамдардын акылынын кемдигин, алардын кандайдыр бир окуя боюнча чын төгүнүн билбей туруп шахтын алдында тастыктап айтып бергенин көрсөткүм келет. Сиз бүгүн адамдар акыл ойлорунан адашып, болуп турган нерсени болуп тургандай көрбөгөнүнө күбө болосуз” - дейт.
  • Шах Аббаси таң калып - Эмне болду? деп сурайт
  • Шейх мечиттин алдындагы окуяны айтып берип: “Мени болгону менин үй бүлөм гана көрдү. Аса таягым, көйнөгүм жана атым ал жакта калды. Андан да кечээ күндөн бери шаар боюнча менин өлүмүм тууралуу ушак кеп тарап жатат. Окуя эл ичинде абдан тарагандыктан. Ар бир адам “Мен Шейхти жер жутуп кеткенин өз көзүм менен көрдүм!” деп айтып жатышат. Эми Сизден суранаарым ошол күбөлөрдү чакырыңыз, алар өз көздөрү менен көргөндөрүн айтып беришсин” деп кошумчалайт.
  • Шах элди Исфахандын борбордук аянтына чогулуусун буюрат. Эл абдан көп чогулгандыктан Али-Капу сарайынын ичи, мечиттер элге толду. Ошондуктан шах сарай кызматчыларына ар бир аймактан ал аймактын эли тандаган адилет, акылман жана аксакал адамдарды, боло турган окуяга калыс күбө болуу үчүн тааныштырууга буйрук берет. Ошентип, шахтын алдына Исфахан шаарынын 17 аймагынан 17 өкүл келишет. Ал эми мен күбө дегендердин ар бири мындай дешет:
  • “Мен аны жер жутуп кеткенин өз көзүм менен көрдүм!”
  • Бул окуя абдан коркунучтуу жана үрөй учураарлык! Капысынан эле жер ачылып Шейхти бир үзүм нандай кылып жутуп кетти”
  • -“Падышанын таажысы менен касам айтам, Шейх ыйлап андан жалынып-жалбарып атканын өз көзүм менен көрдүм...”
  • -Аллах менен касам айтам, Шейхтин денесинин жарымы жерге кирип, жер аны абдан катуу баскандыктан аны көзү чыгып кетти!
  • Мунун баарын угуп турган шах жини келип мындай деп жарлык берет:
  • -Кеткиле бул жактан тарагыла! Жана эч бир аза зыйнаты өткөрүлбөсүн. Шейх Бахаини жер жутуп кетсе, анда ал күнөөгө толгон күнөөкөр болсо керек!
  • Ошентип күбөлөрдүн бары тарап кеткен маалда Шейх Бахаинин Шах менен сүйлөшүүгө ыңгайлуу учур келет.
  • Ал “Улуу урматту Сиз муну көрдүңүзбү?” дейт
  • Шах – “Обба, бирок бул оюндун маанисин түшүнбөй турам!” дейт.
  • Шейх: “Улуу урматтуум, Сиз мени башкы казы кылып шайлайын деп атасыз да?
  • Шах Аббас - “Ооба, бирок менин чечимим менен бул окуянын кандай байланышы бар?” дейт

Шейх мындай деп жооп берет: “Мен элдин болгон окуяга ушундай күбө болоорун билип туруп кантип башкы казы боло алам? Анда мен күнөөсүздөр жана күнөөкөрлөр үчүн адилетсиз чечим кабыл алган болом да. Бирок, кандай болгон күндө да, мен Улуу урматтуумдун буйругуна толугу менен баш ийем...дейт.

  • Шах Аббас: “Мен сени улуу даанышмандардын бири катары сыйлайм, сен өкүм чыгаруу үчүн жооп бербешиң керек. Андан көрө мурункудай эле илим жана маданият менен алектен” деген экен.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Белгилүү инсандарды эсекрүү жана маданий, көркөм өнөр, илимий тармактардагы окуялар, Иран-ЮНЕСКО улуттук комиссиясы.
  • Хамшахри гезити, 21 мехр, 1387 жыл, 16б.
  • Шейх бахаи
  • Иран адабиятынын тарыхы, Забибуллах Сафа, Фирдоуси басмаканасы, 1371
  • Иран адабиятынын тарыхы Эдвард Браун, Рашид Ясемини котормосу
  • Хамшехри гезити, 21 мехр 1387. 16 б.
  • Шейх бахаинин ырлары
  • Шаз Аббас биринчинин өмүр баяны, Иран адабиятынын тарыхы.
  • Шейх бахаинин өмүр баяны

https://fa.wikipedia.org/wiki/%D8%B4%DB%8C%D8%AE_%D8%A8%D9%87%D8%A7%DB%8C%DB%8C Даанышмандар, инсандар, адабият, дин