Шергазы хан
Шергазы хан (?-1728) — Хива хандыгын 1714-28-жылдары башкарган жана шибанийлер тукумунан чыккан башкаруучу.
Өмүр жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жаштыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шергази кичинесинде Бухарада медреседе таалим алган билимдүү адам болгон. Ал хан тукумунан болгондуктан, 1714-жылы Хива мамлекетинин эли аны Хорезмде хан кылып көтөрүшкөн.
Орусиянын жүрүшүн токтотуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1717-жылы Орусия империясы алгачкы жолу Орто Азияга көз артып, Бекович-Черкасский баштаган 6 миңден ашуун аскерди жортуулга жөнөткөн. Аларга каршы Шергази хан жетектеген түркмөн, өзбек жана казак жоокерлери аттанып, Карагач деген жерден беттешишкен. Үч күндүк кагылышууда курал-жарак жагынан алсыз болгон орто-азиялыктар жеңилип калган.
Ошондо Шергази хан душманды амалкөйлүк менен жеңүүнү чечип, орус аскерлерин 5 шаарга бөлүп коноктой тургандыгын айткан. Натыйжада планы ишке ашып, орус аскерлерин туткунга түшүргөн жана ошону менен Орусия империясынын жортуулдарын бир жарым кылымга токтоткон.
Билим берүү тармагындагы салымы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шергази баатыр-хан Хивада курдурган медресе ошол доордогу жогорку окуу жайдын ролун аткарган.
Өлүмү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ал 1728-жылы шейит кетип, сөөгү өзүнүн медресесине жакын жерге коюлган.