Шефтсбери, Антони Эшли Купер

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Антони Эшли Купер

Шефтсбери, Антони Эшли Купер (1671 —1713) — англиялык философ-моралчы, эстетик.
Бир катар чыгармаларды жазып, алар «Адамдарды, адептерди, ой-пикирлерди, мезгилди мүнөздөө» (1711) деген жалпы аталыш менен басылып чыккан. Бул китеп кеңири белгилүү болгон.

Концепциясы[оңдоо | булагын оңдоо]

Өзүнүн концепциясынын Шефтсбери «Сулуулук жана жыргалчылык экөө бир эле нерсе» [Эстетикалык тажрыйбалар. 209-6.] деген принцип аркылуу аныктамалаган. Бул принцип менен ал сулуулук менен жакшылыктын, сулуулук менен адеп-актыктын биримдигин ырастаган. Сонундуктун башкы белгилери: гармония, топ келишкендик, барабардык, булар адеп-актыктын да башкы белгилери. Адеп-ахлактык, сулуулук — инсандын ички руханий дүйнөсүнүн көрүнүштөрүнүн гармониялуу түрдө айкалышын турушу.

Жандын гармониясы тууралуу[оңдоо | булагын оңдоо]

Шефтсбери адамдын эгоисттик умтулуулары жана ышкылыктары анын альтруисттик жоболоруна баш иет ден ырастайт. Натыйжада жандын гармониясы пайда болот, мында альтруисттик аффектилер эгоисттик ышкылыктарды көзөмөлгө алар да, адам карама-каршы адаттардан — каардануудан, эки жүздүүлүктөн, кекчилдиктен жапа башка анын жаратылышына ылайык келбеген дагы башка тескери ышкылыктардан кутулат.
Адамдын ички жап дүйнөсүнүн ышкы-умтулуштарынын гармониясын Шефтсбери адамдын натурасынын табийгый абалы, адамдын «моралдык сезими» деп атайт.

Жакшылыктын пайда болушу жөнүндө[оңдоо | булагын оңдоо]

Шефтсбери Локктун жолун жолдосо да, бирок ал Локктун тубаса моралдык принциптерди танышып кабылдаган эмес. Тескерисинче, жакшылык адамдын өзүнүн жаратылышында жеринен эле бар, сонундук, адилеттүүлүк жана ак ниеттүүлүк жөнүндөгү түшүнүктөр жаратылыштын так өзүнөн гана келип чыгат, андан башка эч нерседен келип чыкпайт дем эсептеген.
Шефтсбери ылайык, адеп-актык оз алдынча мүнөзгө ээ, тышкы таасирлерге көз каранды эмес жана ал тынымсыз көнүгүү аркылуу өнүгүп, өркүндөй алат. Жакшылык жүрүм-турум, Шефтсбериге ылайык, пайда, мүдөө, же кандайдыр бир сыйлык алуу же жаза алуу менен аныкталбайт, анткени адамдагы жакшылык сапаттын бар болушумун өзү эле өзүнөн өзү адамды бактылуу кыла турган адамга ыйгарылган сыйлык.
Жакшылык Шефтсбери үчүн — бардык артык жама сонундуктардын ичинен эң башкысы жана көбүрөөк жагымдүусу. Жакшылык өзүнүн жаратылышы боюнча коомдук иш жана альтруисттик мүнөздө болот.
Шефтсбери, ошондой эле, Локко жана Гоббско мүнөздүү болгон адеп-актыкка карата утилитардык мамиле жасоого каршы чыккан. Адамдын бүткүл ой жүгүртүү образы адамзат тукумунун жыргалчылыгына ылайык келип, ага жардам берүүгө тийиш, ал жакшылык менен бакытты, альтруизм менен эвдемонизмди бириктирип туруусу керек деп жазган ал.
Шефтсбери жакшылык иш жеке жана коомдук кызыкчылыктарды бириктирүүгө мүмкүндүк берет деп ойлойт. Жакшылык дегенибиз — Шефтсберинин пикири боюнча, коом үчүн жакшылык болуу менен эле бирге ал айрым жеке адам үчүн да бакты болуп саналат.
Шефтсбери дин менен адеп-актыктын байланышын танган. Бейлиге окшоп, дин моралдын негизи боло албайт деп эсептеген. Ал башка динге жол койбоочулукка каршы чыккан. Ошол эле убакта ал Кудай — бул өзүндө төп келишкен сулуулукту камтып турган өзүнчө бир адеп-актык идеал экенин мойнуна алган.


Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8