Мазмунга өтүү

Жон Локк

Википедия дан
Локк, Жон‎»‎ барагынан багытталды)
John Locke
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Джон Локк
Туулган жылы: 1632-жылы 29-август
Туулган жери: Рингтон, Сомерсет, Англия
Каза болгон күнү: 1704-жылы, 28-октябрь (72жаш)
Каза болгон жери: Эссекс, Англия
Ишмердүүлүгү: философ, коомдук ишмер

Жон Локк (1632—1704) — англиялык философ, адвокаттын үй-бүлөсүндө туулган. Медицинаны окуган, Реставрация мезгилинин көрүнүктүү коомдук ишмери — граф Шефтсбергдин үй врачы болгон. Граф менен чет өлкөдө эмиграцияга (1683-ж) кетет, 1688—89-жылдардагы революциядан кийин гана Англияга кайтып келет. Ал өмүрүн негизинен экинчи, даңктуу Англиялык революциянын доорунда жана андан кийинки мезгилде жашап өтөт. Локк философ, экономист, коомдук ишмер катарында жүрүп жаткан саясый жана идеологиялык күрөшкө активдүү катышат, өзүнүн чыгармаларында англиялык коомдун үстөмдүк кылып турган эки табынын ортосундагы компромисстин мыйзамдуулугун негиздөөгө умтулган.

Рассел Бертран Жон Локкту «бардык философтордун ичинен эң жолдуусу» деп атаган, анын философиялык жана саясый көз караштары көптөгөн замандаштары тарабынан түшүнүлүп жана кубатталган. Локк жашаган мезгилде Англия королдун бийлигин чектөөгө, башкаруунун парламенттик формасын түзүүгө, авторитаризмди жоюуга жана динге ишенүү эркиндигин камсыз кылууга багытталган радикалдуу саясый реформаларды жүргүзүп жаткан. Локк — саясаттагы да жана философиядагы да ушул үмүт-максаттарды ишке ашырууга зор салымын кошкон. Анын негизги чыгармалары төмөнкүлөр: «Адамзат акыл-эси жөнүндө тажрыйба» (1690), «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө эки трактат» (1690), «Ар кандай динге жол коюу (1685—1692), «Тарбия жөнүндө кээ бир ойлор» (1693).

Тааным тууралуу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өзүнүн философиялык эмгектеринде Локк негизги көңүлдү тааным теориясына бурат. Бул ошол кездеги философиядагы жалпы кырдаалга байланыштуу болучу, философия ал кезде инсандын аң-сезими, адамдардын индивидуалдуу кызыкчылыктары жаатында көбүрөөк иш жүргүзүп жаткан. Локк өзүнүн философиясынын гносеологиялык маселелерге багытталгандыгын негиздей келип, изилдөөлөрдү адамдардын таламдарына максималдуу түрдө жакындаштыруунун зарылдыгын көрсөтөт, анткени дейт ал, «өзүбүздүн тааным жаатындагы жөндөмдүүлүгүбүздү билип алуу бизди скептицизмден жана акыл-эстин аракетсиз тымып турушунан коргойт». «Адамзат акыл-эси жөнүндө тажрыйбада» Локк философтун милдети шыпыргыч жерди шыпырып тазалагандай биздин билимдерибиздеги ыпыр-сыпырларды тазалоо экендигин сүрөттөп жазат.

Билим концепциясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Локктун эмпирика катарындагы билим концепциясы: мурда туюмда жок нерсе акыл-эсте да болбойт, бүткүл адамзат билимдери акырында келип сезим тажрыйбасынан келип пайда болот деген сенсуалисттик принциптерге негизденет. «Адамзат акыл-эси жөнүндө тажрыйба» ошол кезде континенталдык философияда тараган идеялардын тубасалыгы жөнүндөгү концепцияларды сынга алуу менен башталат. Мында ал баарынан мурда Декарттын жана [[[кембриж]] платониктеринин көз караштарына токтолот. Локк, биздин бардык билимдерибизматематикалык, логикалык, метафизикалык жана башка билимдерибиз тубаса эмес, тажрыйба аркылуу жараларын көрсөтөт. Кала берсе бирдейлик жана карама-каршылык жөнүндөгү логикалык мыйзамдар да балдарга жана жапайыларга белгилүү эмес, «Искусство менен илимдей эле идеялар менен түшүнүктөр да биз менен кошо төрөлбөйт,— деп жазат Локк,— Тубаса адеп-ахлак принциптери да болбойт. Адеп-ахлактын улуу принциби (алтын эреже) «аткарылганга караганда көбүрөөк макталат» [Танд. чыгарм. 1-т. 97-6.] деп эсептейт. Ал ошондой эле тажрыйба жолу менен пайда боло турган Кудай идеясынын тубасалыгын да танат.

Биздин билимдерибиздин тубасалыгы жөнүндөгү идеяны сынга алуу менен Локк бардык сенсуалисттердей эле, адамдын акыл-эси «tabula rasa» «эч кандай белгилер жана идеялар жок ак барак сыяктуу» деп эсептейт. Идеялардын бирден бир булагы — тажрыйба, ал тышкы жана ички болуп экиге бөлүнөт. Тышкы тажрыйба — бул туюмдар, ал «ак баракты» биз көрүү, угуу, жыт сезүү жана башка туюм-сезим органдарыбыздын жардамы аркылуу ала турган ар түрдүү жазмалар менен толтурат. Ички тажрыйба — адамдын ич дүйнөсүндөгү өзүнүн ишмердиги жөнүндөгү, биздин ойломубуздун ар түрдүү операциялары жөнүндөгү, өзүнүн психикалык абалы — эмоциялары, максат-тилектери жана башкаларжөнүндөгү идеялар. Мунун баары рефлексия, ой жүгүртүү деп аталат. Идеялар деп Локк абстрактуу түшүнүктөрдү гана эмес, ошондой эле туюмдарды, фантастикалык элестерди жана башкаларды түшүнөт. Идеялардын негизинде, Локктун ою боюнча, нерселер жатат.

Идеялар жана туюмдар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Идеялар, туюмдар Локкто эки класска бөлүнөт: 1) биринчилик сапат идеялары; 2) экинчилик сапат идеялары. Биринчи сапаттар — телолорго мүнөздүү касиеттер, бул касиеттер эч кандай шартта телолордон ажырабайт, алар, атап айтканда: өлчөм — чен, кыймыл, тынчтык, форма, сан, тыгыздык. Биринчи сапаттар телолор кандайча жана канчалык өзгөрсө да сакталып кала берет. Бул сапаттар нерселердин өзүндө камтылып турат жана ошондуктан реалдуу сапаттар деп аталат. Экинчи сапаттар нерселерден тышкары турат. Ал ар дайыма өзгөрүлмө келет, биздин аң-сезимибизге сезим органдарыбыз аркылуу жеткирилет. Буларга: түс, үн, даам, жыт жана башкалар таандык. Ошону менен бирге Локк экинчи сапаттардын иллюзордуу эместигин баса белгилейт. Булардын реалдуулугу субьективдүү болсо да жана адамдын өзүндө камтылып турса да ал сезим органдарын белгилүү бир аракетке келтире турган биринчи сапаттардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу пайда болот. Биринчи жана экинчи сапаттардын ортосунда жалпы бирдеме бар: эки учурда тең идеялар импульс деп аталуучу нерсе аркылуу пайда болот. Мисалы, фиалка материянын бөлүкчөлөрүнүн импульсу аркылуу акыл-эсте көк түстүн жана жыттын идеясын түзөт.

Тажрыйбанын эки булагы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тажрыйбанын эки булагынан (туюмдардан жана рефлексиядан) алына турган идеялар таанымдын андан аркы процесси үчүн пайдубалды, материалды түзөт. Булардын баары биригип келип жөнөкөй идеялардын комплексин жаратат, мисалы: ачуу, кычкыл, муздак, ысык жана д.у.с. Жөнөкөй идеялар башка идеяларды камтып турбайт жана аларды биз өзүбүз да түзө албайбыз. Булардан башка татаал идеялар да жашап турат, татаал идеяларды акыл-эс жөнөкөй идеяларды тизмектеп, кураштыруу аркылуу жаратат. Единорог жана сатиралар сыяктуу жөнөкөй эмес нерселер да татаал идеялар болушу мүмкүн, булар реалдуу түрдө жашабаган менен тажрыйба аркылуу келе турган жөнөкөй идеялардын аралашмасы катарында дайыма талдоого алынышы ыктымал. Биринчи жана экинчи сапаттардын пайда болуш жана калыптаныш концепциясы — аналитикалык жана синтездик усулдарды колдонуунун үлгүсү болуп саналат. Анализдин жардамы аркылуу жөнөкөй идеялар, синтездин жардамы менен татаал идеялар түзүлөт. Жөнөкөй идеяларды кураштырып татаал идеяларга айландыруудагы синтездик иш-аракетте адам акыл-эсинин активдүүлүгү көрүнөт. Адам ойломунун синтездик иш-аракети менен пайда боло турган татаал идеялар бир катар ар түрдүүлүккө ээ. Алардын бири — субстанция.

Локктуку боюнча, субстанция деп айрым жеке нерселерди — эмпирикалык субстанциялардын үлгүлөрү болгон темирди, ташты, күндү, адамды, ошондой эле философиялык түшүнүктөрдү — материяны, духту түшүнүү керек. Субстанция түшүнүгү — Локк үчүн проблема. «Тажрыйбалардын» II китебинин XXIII бабында ал жөнөкөй идеялардын тобу «дайыма бирге турарын», башкача айткандабиз бактар, алмалар, иттер жана ушу сыяктуу деп атай тургандарды түзө турганын көрсөтөт. Ал мындай дейт: «бул жөнөкөй идеялардын өз алдынча кандайча жашап турарын биле албасак да, биз кайсы бир субстрат бар, идеялар ошол субстраттын негизинде жашап турат жана ошол субстраттан келип чыгат деген божомолго көнүп алабыз да, ошондуктан биз аны субстанция деп атайбыз». Локк биздин бардык түшүнүк-төрүбүз тажрыйбадан келип чыгат деп ырастап отурган соң, ал субстанция түшүнүгүн маанисиз нерсе катарында четке кагат деп күтүүгө болор эле, бирок ал антпейт, кайра субстанцияларды эмпирикалык субстанцияга — бардык нерселерге жана философиялык субстанцияга — түпнегизи таанылып-билинбей турган универсалдуу материяга бөлүүнү киргизет.

Кабылдоо теориясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Локктун кабылдоо теориясында тилге маанилүү роль ыйгарылат. Тилдин ролуна мурдагы философтор — Бэкон, Спиноза, Гоббс көп көңүл бурушкан. Локк бул маселеге өзүнүн «Тажрыйбаларынын» үчүнчү китебин арнайт. Локктун пикири боюнча, тил өзүндө эки функцияны — граждандык жана философиялык функцияларды алып жүрөт. Биринчиси — адамдардын ортосундагы катнаш каражаты, экинчиси — тилдин тактыгы, бул анын эффективдүүлүгүнөн көрүнөт. «Тилди бузуп пайдалануу» деген бапта Локк жетик өнүкпөгөн жапа мазмундуулуктан ажыраган тилди чала сабаттуу, түркөй адамдар пайдаланышат да, коомду чыныгы таанымдан алыстатып жиберет. Локк коомдун өнүгүшүндө анын маанилүү социалдык өзгөчөлүгүнө токтолуп, коомдогу дымып туруунун же кризистердин учурунда схоластикалык жалган билимдердин гүлдөп кетерин жапа мындай учурлардан көптөгөн бекерпостор же жон эле шарлатандар пайда табарын баса белгилейт.

Локктун пикирине ылайык, тил дегенибиз — белгилердин системасы, булар биздин идеяларыбыздын сезимдик ээндэринен (меток) турат жана бири-бирибиз менен каттанууга мүмкүндүк берет. Идеялар соз аркылуу эмес, өзүнөн өзү эле түшүнүктүү болушу мүмкүн, дейт Локк, ал эми сөздөр — жон гана ой-пикирдин коомдук көрүнүшү, эгерде алар идеяларга негизденип турса анда мааниге, маңызга ээ болот.
Локк, биз абстракция түшүнүгүнө кайрылуу жолу менен жалпы идеяларды билдире турган жалпы сөздөргө кандайча келерибизди түшүндүрөт. Бардык бар болуп жашап турган нерселер, дейт Локк, индивидуалдуу нерселер, бирок биз бала-чагыбыздан жетилген курагыбызга чейин өнүгүп-өсүп отуруп, адамдарда жана нерселерде жалпы сапаттардын бар экенин байкан-баамдайбыз. М и с а л ы, биз көптөгөн айрым жеке адамдарды көрөбүз да, «алардан убакыттын жана мейкиндиктин жагдай-кырдаалдарын жана башка ар кандай жеке идеяларды бөлүп салуу аркылуу «адам» деген жалпы идеяга келе алабыз. Абстракциялоо процесси дал мына ушунда турат. Башка жалпы идеялар, жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүндөгү жалпы идеялар да ушундайча пайда болот. Булардын баары — акыл-эстин ишинин натыйжасы, алардын негизинде нерселердин өзүнүн окшоштугу жатат.

Билимдин түрлөрү жана анын аныктыгы жөнүндөгү проблема жогоруда айтылгандар менен тыкыс байланыштуу. Тактык даражасы боюнча Локк билимдердин төмөнкүдөй түрлөрүн айырмалайт, алар: интуитивдик, демонстративдик, сенситивдик билимдер. Интуитивдик билим — өзүнөн өзү түшүнүктүү болгон акыйкаттар. Буга «ак түс кара түс эмес», «үч бурчтук тегерек эмес» жана д.у.с. айтымдар мисал боло алат. Демонстративдик билим — бул корутундулар, далилдөөлөр, булар таанымдын дедуктивдик түрүн түзөт. Интуитивдик жана демонстративдик билимдер ой жүгүртүүчү билимдерди түзөт, булар талашсыз сапатка ээ. Билимдин үчүнчү түрү айрым предметтерди кабылдоодо пайда боло турган туюмдар менен сезимдердин негизинде жаралат. Бул билимдер өзүнүн аныктыгы боюнча биринчи экөөнөн алда канча төмөн. Локктун ою боюнча анык эмес, ыктымал же пикир түрүндөгү билимдер да болот. Бирок биз кээде ачык жана так таанымга ээ боло албасак да, бул биз нерселерди таанып-биле албайбыз дегендик эмес. Бардыгын билүү мүмкүн эмес, дейт Локк, биздин жүрүш-турушубуз үчүн эң маанилүү болгондорун гана билишибиз зарыл.

«Мамлекеттик башкаруу жөнүндө эки трактат» (1690) деген эмгегинде Локк өзүнүн мамлекет жөнүндөгү окуусун баяндайт. Гоббс сыяктуу эле Локк адамдарды табийгый абалында «эркин, тең укуктуу жана көз каранды эмес» [Танд. чыгарм. II т. 56-6.] адам катарында карайт. Ал индивиддин өзүн өзү сактоо үчүн күрөшүү идеясынан келип чыгат. Бирок Гоббстан айырмаланып, Локк жеке менчик жана эмгек темасын иштеп чыккан, буларды ал табийгый адамдын ажырагыс атрибуттары катарында карайт. Табийгый адам үчүн жеке менчикке ээ болуу ар качан мүнөздүү болуп келген, бул болсо ага жаратылыш берген анын эгоисттик кызыкчылыгы менен аныкталган деп эсептейт Локк. Жеке менчик болбосо, Локктун пикири боюнча, адамдын башкы керектөөлөрүн канаттандыруу мүмкүн эмес. Жаратылыш жеке бирөөнүн энчиси болгондо гана көбүрөөк пайда алып келет. Өз кезегинде жеке менчик эмгек менен тыкыс байланышкан. Эмгек жана эмгекти сүйүү — бааны түзүүнүн башкы булактары.

Адамдарды табийгый абалдан мамлекетке өтүүгө, Локктун пикирине ылайык, табийгый абалдагы укуктун ишенимсиз болгондугу мажбурлайт. Бирок, эркиндик жана менчик мамлекеттин шартында да сакталууга тийиш, анткени мамлекет дал ушул үчүн пайда болот. Ошону менен бирге жогорку мамлекеттик бийлик чексиз жана зордукчул болууга тийиш эмес.

Саясый ойдун тарыхында жогорку бийликти мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана федеративдик бийликтерге бөлүүнү биринчи жолу Локк көтөрүп чыккан, анткени бул бийликтер бири-бирине көз каранды болбогон шартта гана инсандын укугун камсыз кылууга болот. Локк иш жүзүндө мыйзамдар жана аткаруучу бийликтер мамлекеттик укукка жана табийгый укукка баш ие турган конституциялык режимдин теоретиги катарында чыгат. Саясый система эл менен мамлекеттин биримдигин түзөт, мында булардын ар бири тең салмактуулуктун жана көзөмөлдүн шартында өз ролдорун ойноого тийиш.

Локк — чиркөөнү мамлекеттен бөлүүнүн тарапкери болгон, ошондой эле билимдин теңирлик аянга баш ийүүсүнө да каршы, ал «табийгый динди» жактаган. Локк башынан өткөргөн саясый дүрбөлөңдөр аны ошол учурда жаңы идеяны — башка диндерге жол коюу идеясын көтөрүп чыгууга түрткөн. Бул идея граждандык жана диний чөйрөлөрдү бөлүүнүн зарылдыгын талап кылат: граждандык бийлик диний чөйрөдө өз мыйзамдарын орнотууга тийиш эмес. Ал эми дин жөнүндө келсек, дин граждандык мамлекет менен элдин ортосундагы коомдук келишимдин негизинде ишке ашырылып жаткан граждандык бийликтин иш-аракеттерине кийлигишпөөгө тийиш.

Локк өзүнүн сенсуалисттик теориясын өзүнүн тарбия теориясында да колдонгон, ал, эгерде индивид коомдо зарыл түрдөгү таасирлерди жана идеяларды ала албаса, анда коомдук жагдай-шарттарды өзгөртүү керек деп эсептеген. Педагогика боюнча эмгектеринде ал денеси чың жана руханий жактан толук жетилген адамды калыптандыруу идеясын өнүктүргөн, адам коомго пайдалуу билимдерге ээ болууга тийиш деген ал.

Өзүнүн «Тажрыйбаларында» Локк жакшылык дегенибиз узак убакыт бою адамга ыракат берип, азап чегүүнү азайта турган нерсе деп билген. Адамдын бактысы мына ушунда турат. Ошол эле убакта Локк моралдык жакшылык дегенибиз — бул адамдын эркин коомдун да, жаратылыштын да мыйзамдарына ыктыярдуу түрдө баш ийдирүү, коом менен жаратылыш болсо моралдын чыныгы негизи болгон Кудайдын эркине баш ийет деп баса белгилейт. Жеке жана коомдук кызыкчылыктардын ортосундагы шайкештик акыл-эстүү жана такыбаа жүрүм-турум аркылуу жетишилет.

Локктун философиясы философтун тирүү кезинде эле жана андан кийинки мезгилде Батыштын бүткүл интеллектуалдык оюна зор таасир тийгизген. Толандын, Кондильяктын, француз материалисттеринин көз караштары анын философиясынын таасири астында калыптанган. Локктун таасири XX кылымга чейин сезилип турат. Анын ойлору ассоциативдик психологиянын өнүгүшүнө түрткү берген. Локктун тарбия концепциясы XVIII—XIX кылымдардагы алдыңкы педагогиялык идеяларга чоң таасир көрсөткөн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]