Шибээн

Википедия дан

Шибээн, Шибээ — "Манас" эпосундагы этноним, Манастын душманы тарабындагы өзүнчө эл (уруу) катары айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында: "Калмактан тыргоот, шибээн бар" (Сагымбай Орозбаков, 3. 15), — деп кээде калмактын бир уруусу болуп айтылат. Саякбай Каралаевдин варианты вариантында да баскынчылык мүнөздө сүрөттөлөт.

Таш-Көпүрө жердеген,

Атагы шибээ эл экен.

Шибээнин кыйын балбаны

Чоң Ылама дээр экен,

Шибээ элдин ырымы,

Жаңы катын төрөсө

Киндигин кескен камыштан.

Уругун шибээ деп койгон

Күүгүмгө калса кокустан

Карышкыр талап жеп койгон (Саякбай Каралаев, 2. 18).

Үрп-адаты өзүнчө, душман эл катарында баяндалышы эпостун көпчүлүк варианттарында салттык түрдө сакталган.

16-кылымда Мулла Сайф ад-Дин ибн дулма Шах Аббас Аксыкенти жана анын уулу Нур Мухаммад ибн Мула Сайф ад-Дин Аксыкенти тарабынан жазылган "Мажму ат-таварих." жазма дарегиндеги "Манас" эпосунун версиясында Жолой калмактардын Солон-шивалардын башында туруп, Кара-Кыштактагы Манаска жана Манасияга чабуул жасаган деген маалыматтар бар. Эпостогу маалыматтар боюнча караганда шибээ деген элдин аты кара-кытай доорунда эле чагылган дешке болот. Себеби, шибей (шибээ), солон уруулары этникалык жактан каракытайлар менен бир тектеш болгондугу жана Кидан (Ляо) империясынын курамына (10-кылым) киргендиги тарыхта белгилүү. Каракытайлар менен бирге Орто Азияга келгендигн "Мажму ат-таварих" боюнча болжолдоп айтууга болот. Ошондуктан, Жолойдун аскеринин курамында шибе менен солон эскерилет. Ошондой эле солон-шибээ урууларынын айрым бөлүктөрү 18-кылымдын 2-жарымында Цин империясы тарабынан чек арага аскердик күч катары көчүрүлүп келинген. Эпостун варианттарында ал уруулардын адат-салты тууралуу так маалыматтар берилгендигине караганда кийинки келген солон-шибе уруулары жөнүндө да чагылгандыгын белгилөөгө болот. "Манас" эпосунда солон-шибээ уруулары салттык душмандардын бири катары 10-кылымдан бери сакталып отурган дешке болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4