Шилбилисай

Википедия дан

Шилбилисай - Карабуура районундагы суу, Карабууранын сол куймасы.
Узундугу 38 км, алабынын аянты 450 км2, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3000 м. Талас Ала-Тоосунун] Муз-бел ашуусундагы мөңгүдөн Шилби деген ат менен башталып, кууш капчыгай аркылуу адегенде түндүккө, анан чыгышка бурулуп, бир канча майда куймалары кошулгандан кийин түндүктү көздөй агат. Суу куралуу облусуна кирет.
Негизинен мөңгү, кар жана булак сууларынан куралат.
Ири куймалары: Сагызган, Койбулак, Кайыңды (оң), Талдыбулак (сол). Жылдык орточо чыгымы 2,50 м3/сек, эң көбү июль – августта, эң азы февраль – мартта байкалат. Сугатка пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]