Шлейф (география)

Википедия дан

Шлейф (география) — борпоң чөкмө тилке.

Ал тоонун, дөнсөөнүн этегин курчай жайгашат. Тоо капталынан агын суу (туруктуу жана убактылуу) менен агып келген, тегиздик эрозиясынан шиленип же оордук күчүнүн таасиринен (гравитациялык ташылуу) кулап түшкөн тоо тек сыныктарынан турат. Шиленди конустарынын туташып кетүүсүнүн пайда болот. Өрөөндүн кире беришине тоо тек сыныктары көп топтолгондуктан жазы келет, мис. Жуңгар Ала-Тоосунун түштүк капталындагы Шлейфтин жазылыгы 25 кмге чейин жетет. Тоо тек сыныктарынын жыйналуу процессине жараша Шлейф аллювий-пролювий, делювий-пролювий, делювий, коллювий ж. б. болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4