Шокальский мөңгүсү

Википедия дан

Шокальский мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодогу Эңилчек кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү, Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн бир бутагы.

Уз. 7,3 км, аянты 20,4 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5584 м, этеги 3480 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4050 м. Ш. м-нүн системасына 7 мөңгү кирет. Фирн облусу ондогон тармактарга бөлүнгөн татаал цирк. Анын беттери көп жеринде тик аскалуу. Этеги калың шагыл м-н капталган. Т үш. Эңилчек мөңгүсүнүн негизги өзөгүндө Ш. м. ичкерип, 2-3 кмден кийин аяктайт. Аты белгилүү океанограф Ю. М. Шокальскийдин ысымынан коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2