Кожокан Шоруков

Википедия дан
Шоруков, Кожокан‎»‎ барагынан багытталды)

Кожокан Шоруков (1903, Жетисуу облусу, Каракол уезди, Жолголот айылы – 1938, Бишкек (ал кездеги Фрунзе) - Совет бийлиги үчүн жигердүү күрөшкөндөрдүн бири, советтик-партиялык ишмер.

Кыскача өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кожокан Шоруков 1903-жылы Кыргызстандын Каракол үйөзүнө караштуу Жолголот айылында туулган.

1916-жылы Караколдо уезд начальнигине малай жүргөн. Аны менен кошо Москвага барып, андан Перовскиге кеткен. Улуу Октябрь революциясынан кийин Ташкентке келип, тилмеч болуп иштеген. 1922–23-жылдары РКП(б)нын Каракол уездик шааркомунун катчысы, 1923–26-жылдары Москва шаарында жумушчу факультетинде окуйт. 1926-жылдан Жалал-Абад, Каракол, Ош кантондук комитеттериндежигердүү иштеген жана Кыргыз обкомунда иштеген. 1929-жылдан Москвада Кыргыз АССРинин туруктуу өкүлү болгон, 1934–37-жылдары Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл комиссары болуп, 1929-жылдан Кыргыз АССР БАКнын мүчөсү болгон. 1937-жылы буржуазиялык улутчул деген жалаа менен репрессияланып, 1956-жылы толук акталган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Курманов З.К. Борьба политических элит Кыргызстана в период возрождения национальной государственности кыргызского народа: Автореферат диссертации... д-ра ист. наук. - Бишкек, 1997. (Научный консультант Ч.Ш.Жакыпова). - НАН КР; Институт истории.
  • Курманов З.К. Кожокан Шоруков // Пропагандист и агитатор Киргизстана. - 1988. - № 21. -0,3 п.л.
  • Кыргызы и Кыргызстан: опыт нового исторического осмысления./ Пред. редкол. Т.К.Койчуев; НАН Кыргызской Республики. - Вишкек: Илим, 1994.


Интернеттеги шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]