Шпинель

Википедия дан
Шпинель.

Шпинель - сейрек кездешүүчү минерал, магний жана алюминийдин оксиди (MgAl2O4). Курамынын 28,2% и MgO, 71,8% и Аl2O3 турат.

Куб системасында кристаллдашат. Таза шпинель түссүз, бирок ал жаратылышта сейрек кездешет. Көпчүлүк учурда кошундуларына жараша: хромдун ионунан кызыл (рубин-балэ), темирден - саргыч (рубицелл), марганецтен кызгылт ж. б. түстө таралган. Айнектей жылтырайт. Катуулугу 8, с. салм. 3,5-4,1. Асыл Шпинельдин (кооз түстүү тунуктарынын) Мьянма, Шри-Ланка, Таиланд, Афганстан, Бразилия, ИнДия жана Тажикстанда (Памирде) белгилүү кендери бар. Шпинель асыл жана кооз таш катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4