Шрек түбөлүккө

Википедия дан

"Шрек түбөлүккө" (англ. Shrek Forever After, орус. Шрек навсегда) - 2010-жылы 3D-компьютерде анимацияланган америкалык комедия-драма. Тасма DreamWorks Animation өндүргөн "Шрек" сериясынын 4-чыгарылышы. Тасмага тартылгандар: Майк Майерс, Эдди Мөрфи, Кэмерон Диаз, Антонио Бандерас, Жули Эндрюс, Жон Клииз жана буларга Уолт Дорн Румпелштилцхен каарманын аткаруу менен кошулган.

"Шрек-3" тасмасынан кийин Шрек азыр үйбүлөлүү жана жергиликтүү калктын сүймөнчүгү. Бейкапар күндөрдөн тажаган Шрек Румпелштилцхен менен келишим түзө коем деп кокусунан башка өтмүштүү образга айланат. Шрек өз жашоосуна кайтуу үчүн Фионаны сүйдүрүп, күн чыкканга чейин аны өөп калыш керек, антпесе ал түбөлүккө бул дүйнөдөн жок болуп кетет.

Тасманын бетачары Трибека фильм фестивалында 2010-жылы 21-апрелде коюлган, ал эми 21-майда АКШда "Paramount Pictures" көрсөтүп баштаган. Тасма 3D жана IMAX 3D форматтарында да чыгарылган. Тасма үч апта бою АКШ жана Канаданын кинотеатрларында 1-орунду ээлеген жана дүйнөлүк аренада $752 млн киреше алып келген. "Шрек түбөлүккө" DreamWorks Animation эң көп сатылган 2-тасмасы болуп эсептелет.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]