Шрек (мультфильм)

Википедия дан

"Шрек" (англ. Shrek) - 2001-жылы Эндрю Адамсон жана Викки Женсон дебюттук түрдө тарткан америкалык компютер менен анимацияланган, фантастикалуу комедия. Анимациялык тасмада үн коштогондор: Майк Майерс, Эдди Мёрфи, Камерон Диаз жана Жон Лизгоу. Тасма 1991-жылы Уилиям Стейг жазган "Шрек" жомогуна негизделген.

Тасма дүйнө жүзү боюнча 484 миллион АКШ доллардык киреше тапкан жана Кошмо Штаттарда 47 миллион белет сатылган. "Шрэк" алгачкы жолу "Мыкты анимацияланган тасма" категориясында Оскар сыйлыгына ээ болуп, "Мыкты адаптацияланган сценарий" наамына көрсөтүлгөн. Тасма "Британиялык кино жана телекөрсөтүү сыйлыгынын" алты наамына көрсөтүлгөн. Ошондой эле, эшектин үнүн коштогондугу үчүн Эдди Мёрфи BAFTAнын "Экинчи пландагы мыкты актёр" наамына көрсөтүлгөн жана BAFTAнын "Мыкты адаптацияланган сценарий" наамын жеңип алган.

Тасма жараткан ийгилик DreamWorks компаниясын, тасманын 3 уландысын тартууга түрткү берген: Шрек 2 (2004), Шрек үчүнчү (2007) жана Шрек түбөлүккө (2010), Эки майрамдык тандоо Жаңы жыл жана Шрек (2007), Шрек-Хэллоуин (2010) жана Өтүкчөн мышык (2011) Бешинчи бөлүм 2016-жылы тартылып баштап, 2019-2020-жылы чыгарууну пландап жатышат.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]