Шумгуя

Википедия дан
Orobanche amethystea.

Шумгуя (лат. Orobanche, L. 1753) – шумбия тукумундагы өсүмдүк уруусу. Төмөн жагы түймөктүү, бутактанган же жалгыз сабактуу чөп. Жалбыраксыз, сабакка кезектешип жайгашкан майда түрпүчөлүү. Түтүкчө гүлдөрү машакча же калемче топ гүлгө чогулуп, сабактын учунда жайгашкан гүлдөрү сансыз. Чөйчөкчөсү коңгуроодой, бири-бирине биригип өсөт. Гүлдөрү эки эриндүү, жээги беш айчыктуу, мала кызыл, ак, мала көгүш-кызыл, көк түстүү, аталыгы – 4, энелиги – 1. Мөмөсү 4 уялуу кутуча. Татаал түзүлүштүү, гүлдүү чөп өсүмдүктөрдүн митеси, алардын тамырына жармашып өсүп, алардан азык затты түймөгү же чокмору аркылуу сорот. Айыл чарба өсүмдүктөрүнө бир кыйла зыян келтирет. Ш-нын 150 түрү субтропикте, түндүк жарым шардын мелүүн областтарында таралган. Кыргызстанда 20 ашуун түрү өрөөндөн тартып бөксө тоолорго чейинки жерлердеги өсүмдүктүүлүктүн бардык курамында кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]