Шылуун жигиттер

Википедия дан

"Шылуун жигиттер" (англ. The Nice Guys, орус. Славные парни) 2016-жылы Америкада тартылган нео-нуар комедия жанрындагы тасма. Режиссеру Шейн Блэк, сценарийин жазгандар Блэк менен Энтони Багароззи. Башкы каармандардын образдарын жараткандар Рассел Кроу, Райан Гослиң, Ангури Райс, Мэтт Бомер, Маргарет Квалли, Кейт Дэвид жана Ким Бейсиңер. Лос Анжелесте тартылган кино 1977-жылы дайынсыз жоголгон өспүрүм кызды издөө үчүн бириккен жеке тыңчы (Гослиң) менен катаал тартип сакчысынын (Кроу) окуясы тууралуу баяндайт.

"Шылуун жигиттердин" премьерасы 2016-жылдын 15-майында Канн кинофестивалында болуп өткөн жана АКШдагы кинотеатрларда Warner Bros. Pictures тарабынан ошол эле жылдын 20-майында көрсөтүлгөн. Бюджети 50 млн долларды чапчыган тасма киносынчылардын оң баасына татыган болсо да кассалык жыйымдары 57 млн долларды гана түзүп калган.

Ыктымал уландысы

Тасма кинотеатрларга чыгаардан мурда, 2016-жылдын майында, Блэк фильмдин уландысы тууралуу "Уландысын тартууну ойлонуу азырынча эртелик кылат. Мен карасанатайлыкка көп деле ишене бербейм, ошондой болсо да кийинкиси жөнүндө сөз кылуудан мурда бизге мунусун көрө турган адамдар керек. Биз суперкаармандык боюнча катаал атаандаштыкка каршыбыз. Биз жөн эле адамдардын, билесизби, Американын капитанын балким алты жолу көргөн чыгар, бирок ал тасманы жетинчи жолу көрүүнүн ордуна биздин кинону көрүшүн каалайбыз" деген.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]