Шылуун мөңгүсү

Википедия дан

Шылуун мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү.

Сары-Жаз кырка тоосунун түндүк капталында. Сарыжаз суусунун куймасы шылуундун төрүнөн орун алган. Уз. 4,9 км, аянты 5,3 км2. Башы деңиз деңг. 4800 м, этеги 3560 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4000 м. Абляция облусунун аянты 2,4 км2. Фирн талаасы кенен аймакты ээлеген куралуу облусуна ээ. Мөңгүдөн Шылуун суусу башталып, Сарыжазга сол тараптан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2